Редакцияот 10.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АНАНЬЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ысык-Көл району Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын 3 сессиясы

2021-жылдын 10-августу № 28/3-8

Суу маселеси жөнүндө (штраф бекитүү)

Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазаковдун маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш токтом кылат:

 

1.  Ананьев айыл өкмөтүнүн аймагында борбордук суу түтүктөрүн сугат иштерине жана башка нерселерге (ичүүдөн тышкары) колдонулбашы үчүн төмөдөгүдөй айып (штраф) салынсын:

-  Биринчи жолу – “эскертүү” берилсин

-  Экинчи жолу  – 2000 (эки мин) сом айып алынсын.

 

2.  Токтомду аткаруу жагы  башчы Б.Байгазаковко милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

4.  Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана  ММКда жарыялансын.

 

Ананьев айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Мамагулов С.