АНАНЬЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Көл району Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын 5 сессиясы
2021-жылдын 26-октябры № 28/5-3
Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазаковдун маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Ананьев айыл аймагындагы Чет –Байсоорун айылынан 0,30га жер тилкеси “Ананьево ГЭС” ишканасына чакан ГЭС (мини ГЭС) курууга мыйзам чегинде бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы башчы Б.Байгазаковко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Ананьев айылдык кеӊешинин төрагасы |
Мамагулов С. |