АНАНЬЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Көл району Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын 5 сессиясы
2021-жылдын 26-октябры № 28/5-11
Ананьево айыл аймагында күндүзгү социалдык борбор ачуу жөнүндө
Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазаковдун маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Ленин №120 А көчөсүндөгү Ананьев айыл өкмөтүнүн эски имаратынын жанына күндүзгү социалдык борборун (дневной социальный центр)кошумча имарат катары курууга берилсин.
2. Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын камсыздоо жагы башчы Б.Байгазаковко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Ананьев айылдык кеӊешинин төрагасы |
Мамагулов С. |