Редакцияот 21.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АНАНЬЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ысык-Көл району Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын кезексиз 7 сессиясы

2022-жылдын 21-февралы № 28/7-3

Чет –Байсоорун айылына мечит куруу жөнүндө

     14.02.2022ж. Чет-Байсоорун айылынын тургундарынын жыйынын чечиминин негизинде жана Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазаковдун маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш токтом кылат:

 

1.  Чет-Байсоорун айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде айыл жергесинде айылдык мечит салууга жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

 

2.  Токтомду аткаруу жагы башчы Б.Байгазаковко милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

4.  Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

 

Ананьев айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Мамагулов С.