Редакцияот 30.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ

Ош шаардык кеңешинин кезектеги XVII сессиясы (V чакырылыш)

2023-жылдын 30-марты № 120

Ош шаарында калктын саламаттыгынсактоо боюнча аткарылып жаткаништер жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын  34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарында калктын саламаттыгын сактоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө Ош шаардык клиникалык ооруканасынын директору Ш.Абдурахмановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын   2-мартындагы №1 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып,  Ош шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.Ош шаарында калктын саламаттыгын сактоо боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча Ош шаардык клиникалык ооруканасынын директору Ш.Абдурахмановдун маалыматы эске алынсын.

2. Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов):

- шаардык саламаттыкты сактоо тармагынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлгө алуу;

- шаардагы калктын саламаттыгын сактоо тармагындагы имараттардын  жетишсиздигин жоюу максатында иш алып баруу;

- шаардык клиникалык ооруканасынын Ак-Тилек кичи районунда жайгашкан жаңы корпусуна Кытай Эл Республикасынын экинчи грантынын алкагында кошумча 5 (беш) миллион АКШ доллар турган медициналык жабдууларды орнотуу үчүн имараттын курулушуна акча каражатын чечип берүү;

- С.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтуна жана “Ош клиника” жеке медициналык борборуна ижарага берилген имараттарды төрөт стационарына кайтарып берүү;

- Ош шаардык клиникалык ооруканасынын инфекциялык стационарынын жеңил түрдө салынган жаңы имаратынын бүткөрүлбөгөн вентиляция жана конденсация системаларын толук бүткөрүү;

- үй-бүлөлүк медициналык борборунун бардык филиалдарынын  санитардык техникалык системаларын суу, жылуулук өткөрүүчү түтүкчөлөрүн, канализация системаларын тиешелүү мекеме-ишканалар менен биргеликте капиталдык ремонттоо иштерин алып баруу;

- Катар Республикасынын Эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан салынган жаңы имаратты  үй-бүлөлүк медициналык борборунун балансына өткөрүү;  

- Курманжан-датка көчөсүндөгү муниципалдык ипотекалык шартта курулган көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатын жана жер төлөөсүн Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборуна пайдаланууга өткөрүп берүү тапшырылсын.

 

 3.Ош шаардык клиникалык ооруканасына, саламаттыкты сактоо боюнча Ош шаарынын координаторуна (Ш.Абдурахманов):

- Ош шаардык клиникалык ооруканасын жана клиниканын филиалдарын жаңы медициналык-техникалык жабдуулар жана аппаратуралар менен камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги жана Ош шаарынын мэриясы менен тыгыз иш алып баруу;

- клиникалык оорукананын, төрөт стационарынын, балдардын жугуштуу оорулары стационарларынын короолорун көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, куураган дарактарды мыйзам чегинде кыйдыруу;

- шаардын жарандарына ыңгайлуу шарт түзүү максатында тез жардам бекетинин филиалдарын ачуу боюнча иш алып баруу;

- шаардын төрөт үйүндө, балдардын жугуштуу оорулар стационарында, балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда шаардыктардан тышкары башка райондордон келген жарандарга медициналык кызмат көрсөтүлүп жаткандыгын негиздеп, аталган мекемелерге республикалык бюджеттен кошумча акча каражатын бөлүп берүү боюнча тиешелүү жактарга кайрылуу тапшырылсын.

4.Ош шаарынын үй-бүлөлүк медиина борбору жана анын филиалдарына  (Э.Нурумбетов):

- үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана анын филиалдары тарабынан ВИЧ-СПИД жана ар кандай жугуштуу оорулардын алдын-алуу максатында пландаштырылган профилактикалык эмдөөлөрдү өз мөөнөтүндө жүргүзүп, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жана муниципалдык аймактык башкармалыктарда, мектеп, балдар бакчаларында  түшүндүрүү иштерин алып баруу;

- үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана анын филиалдарынын имараттарынын материалдык-техникалык базаларынын жабдууларын жаңылоо, ФАПтарды ондоп-түзөө, аларда кароо (смотровой) кабинеттерин ачуу жана медициналык дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча  иш алып баруу  милдеттендирилсин.

5. Ош облусу боюнча  кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна (М.Омурзаков) медициналык мекемелерде, айрыкча стоматологиялык эмканаларда, косметологиялык кабинеттерде санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышын, медициналык мекемелерге жакын жайгашкан коомдук тамактануу жайлардагы, соода түйүндөрүндөгү (менчигинин түрүнө карабастан) санитардык талаптардын аткарылышын мыйзам чегинде көзөмөлдөп, эрежелерди бузууга жол бербөө боюнча кескин чараларды көрүү милдеттендирилсин.

6. Ош шаарынын мамлекеттик профилактикалык залалсыздандыруу бекет мекемесине (Э.Мамаев) шаардагы муниципалдык аймактык башкармалыктар, мекеме-ишканалар, борбордук базар, тамак-аш мекемелери менен өз мөөнөтүндө келишимдерди түзүп, профилактикалык дезинфекциялоо, дератизациялоо иштерин үзгүлтүккө учуратпоо, айрыкча кооптуу аймактарда кошумча дератизациялоо иштерин жүргүзүү милтеттендирилсин.

7. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга  маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Баетов) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

С.Назылбеков