Редакцияот 13.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ

Ош шаардык кеңешинин кезектеги XX сессиясы (V чакырылыш)

2023-жылдын 13-сентябры № 150

 Ош шаарынын мэринин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчету жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылга карата иш-планына ылайык Ош шаарынын мэринин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчету жөнүндө Ош шаарынын мэринин орун басары З.Юсуповдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын чечимдерин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

    

1. Ош шаарынын мэринин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.

2. Ош шаарынын мэриясына (Б.Ж.Жетигенов):

- 2023-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин салык жана салык эмес кирешелеринин пландык көрсөткүчтөрүнүн так аткарылуусун камсыз кылуу;

- “Улуу Жибек жолун жандандыралы” Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасындагы милдеттемелердин аткарылышын камсыз кылуу;

- муниципалдык обьекттердин жана жер тилкелердин реестрин аныктоочу “Геопортал” электрондук маалыматтык системасын толук кандуу ишке киргизүү;

- Ош шаарындагы муниципалдык ишканаларды санариптештирүү боюнча  жумуштарды тездетүү;

- муниципалдык ипотекалык шартта курулуп жаткан көп кабаттуу турак-жайлардын өз убагында, сапаттуу бүтүшүнө көзөмөлдү күчөтүү;

- коомдук транспорт тармагынын абалын жакшыртуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууну колго алуу;

- жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан социалдык обьекттердин курулушунун өз убагында бүткөрүлүшүн камсыздоо;

- Кыргызстан профсоюздар Федерациясына караштуу Ош пансионатын Ош шаарынын муниципалдык менчигине алуу боюнча тиешелүү жактарга кайрылуу;

- Ош шаарынын негизги көчөлөрүндөгү тыгындарды азайтуу боюнча чоң көчөлөргө альтернатив иретинде ички жана көп кабаттуу үйлөрдүн арасындагы тосмолонгон жолдорду  ачуу;

- Ош шаарынын ДЭУ аймагындагы, Кулатов кичи районундагы чоң жолдун жана шаардын негизги  көчөлөрүнүн четинде токтоп турган оор жүк ташуучу унааларды шаардын аймагынан сырткары чыгаруу, Көкүмбий көчөсүндөгү унаа каражаттарынын кыймылына көзөмөлдү күчөтүү боюнча чараларды көрүү;

- муниципалдык ижарага берилип кеткен саламаттыкты сактоо мекемелеринин имараттарын өз багытында иштетүү үчүн С.Данияров атындагы медициналык кызматкерлерди кайра даярдоо жана классификациясын өркүндөтүү боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун Түштүк филиалы менен түзүлгөн муниципалдык мүлктү ижарага берүү боюнча келишимин 2024-жылдан баштап токтотуп, Ош клиникалык ооруканасынын терапия бөлүмүндө жандандыруу бөлүмүн ачууга шарт түзүү;

- Ош шаарынын мэриясынын аппарат түзүмүнө ветеринар жана агроном штаттык бирдиктерин ачуу маселесин карап чыгуу жагы милдеттендирилсин.

3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

С.Назылбеков