Редакцияот 19.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Маймак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине Маймак айылындагы  Кулжабай көчөсүндөгү № 6 б  даректе жайгашкан Кыргыз Темир жолу  Улуттук компаниясынын балансында турган Маймак айылындагы темир жол бекетинин жанында жайгашкан  0,25 га жерди кабыл алуу жөнүндө

 

2023-жыл 19-июлу № 1

Маймак айылдык аймактык кеңешинин  VIII -чакырылышынын депутаттарынын   № 22 сессиясы

 

 

Кыргыз республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү”мыйзамынын 6-беренесине ылайык маймак айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. ”Кыргыз темир жолу Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын балансында турган Маймак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине Маймак айылынын Кулжабай көчөсүнүн № 6 б даректе жайгашкан бош турган жерден  0,25 га жерди кабыл алууга макулдук берилсин.

2.Мүлктөрдү кабыл алууда тиешелүү иш кагаздарды даярдап жана мыйзам талаптарын  сактоо менен иш жүргүзүү жагы  айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ташибековага тапшырылсын.

3. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Айтматов филиалынан жер тилкесин мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөгөн) пайдаланууга бекитилип берилсин.

4.  Кабыл алынган токтомдун ченемдик укуктук актылардын  мамлекеттик реестрине киргизүү жана  сайттарга жарыяланышын  камсыз кылып иш алып баруу айылдык кеңештин жооптуу катчысы  Н.Абакировага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага:                                                                                                                                                                                                                                                                                         Дж.Кудайбергенов