Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 28-августу № 79-п
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) уюштуруучуларынын кайрылуусун эске алып:
1. АРИСтин аткаруучу директору М.А.Токтоболотовду ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө АРИСтин уюштуруучуларынын: Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселокторунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациясынын жана "Каунтерпарт-Шериктеш" коомдук бирикмесинин сунушуна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, АРИСтин уюштуруучуларынын бири катары, башка уюштуруучулар менен бирдикте жаңы аткаруучу директорду дайындоо жөнүндө маселени кароо үчүн АРИСтин байкоочу кеңешин чакырсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |