Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 7-сентябры № 83-П
1. БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жумушчу тобунун 2010-жылдын 20-24-сентябрында Женева шаарында өтүүчү 15-сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Мамбеталиева Ж.Ж. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, делегациянын башчысы; |
Султанбаев Т.Ж. | - Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы убактылуу ишенимдүү өкүлү; |
Бактыбаев Р.Г. | - Кыргыз Республикасынын Бащкы прокурорунун биринчи орун басары; |
Сарыбаев Ч.А. | - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн начальниги; |
Алтымышева А.Д. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин үчүнчү катчысы. |
2. Командировкалык чыгымдар, маршрут боюнча жол кире жана жашоо үчүн чыгымдар командировкага жиберүүчү уюмдардын каражаттарынын эсебинен төлөнсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |