Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 21-декабры № 151-п
Кыргыз Республикасынын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө кол салууну, мамлекеттик чек аранын режимин бузууну болтурбоо жана алдын алуу, чек ара контролун жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу боюнча кызмат өтөөсүнүн салттарын улантуу максатында:
Кыргыз Республикасынын Президентинин грамоталары менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өзгөчө ардак белгиси, аскердик милдеттин, эрдиктин жана даңктын символу катары күжүрмөн туулар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин төмөнкү аскер бөлүктөрүнө тапшырылсын:
- 10-Ала-Бука чек ара отрядына;
- 9-Талас чек ара отрядына:
- "Түндүк" чек ара контролунун отрядына;
- "Түштүк" чек ара контролунун отрядына.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |