Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 5-ноябрындагы № 577-б буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2005-жылдын 24-январы № 39-б

Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын (ЭӨА) "Агробизнес жана маркетинг" долбоорунун чектеринде "Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-ноябрындагы № 873 токтомуна ылайык түзүлгөн Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун ишин камсыз кылуу максатында:

1. Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун байкоочу кеңеши (мындан ары - Кеңеш) төмөнкүдөй курамда бекитилсин.

Молдокулов С.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министринин биринчи орун басары, Кеңештин төрагасы.

 

Кеңештин мүчөлөрү:

 

Жээнбеков А.Ш. - "Жер-Азыгы" Кыргызстан агробизнесмендер ассоциациясынын Директорлор кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кулов Т.А. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;

Давлеталиев А.С. - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);

Ибраимова Э.С. - Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестирлөө агентствосунун директору (макулдашуу боюнча);

Дикамбаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы;

Алимжанова Д.И. - Жашылча-жемиш ишканалар ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча).

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 463-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун байкоочу кеңешинин төрагасы Кеңештин ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-ноябрындагы № 873 токтому менен бекитилген Борбордун Уставына ылайык уюштурсун.

 

            Премьер-министр

 

 Н.Танаев