Редакцияот 11.07.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 11-июлу № 304-б                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ      Кыргыз мамлекеттик  юридикалык  академиянын материалдык-техникалыкбазасын жакшыртуу максатында:     1. Кыргыз Республикасынын Айыл,  суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги Чүй облусу, Аламүдүн району, Көк-Жар айылы, Карагул Ак-мат  көчөсү дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты Кыргыз мамле-кеттик юридикалык академиянын балансына  белгиленген  тартипте  өткөрүпберсин.     2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча  мам-лекеттик комитети:     - ушул   буйруктун   1-пунктунда   көрсөтүлгөн   имаратты    кабылалуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын;     - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу  органдарынын  адми-нистрациялык  имараттарды  пайдалануу боюнча Топтомо реестрине өзгөртүүкиргизсин.     3. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-февралындагы №96-б буйругунун 2 жана 3-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.     4. Бул  буйруктун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын  социалдык-маданий  өнүктүрүү  бөлүмүнөжүктөлсүн.      Биринчи вице-премьер-министрдин     милдетин аткаруучу                              М.Керимкулов