Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 6-мартындагы № 103-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын карызын консолидациялоо жөнүндө креди-торлордун Париж клубунун 2005-жылдын 11-мартындагы Протоколун аткаруу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын карызын консолидациялоо жөнүндө Париж клубунун алкагында 2005-жылдын 11-мартында кол коюлган Протоколго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркиянын Экспорттук-Кредиттик банкынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өкүл катары чыккан карызын реструктуралаштыруу жөнүндө Макулдашуунун долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга (макул-дашуу боюнча) ыйгарым укук берилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Эконмоика жана финансы министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Дикамбаев Азамат Шамильевичке жого-руда көрсөтүлгөн Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов