Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 16-мартындагы № 122-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасынын алдындагытышкы карызын грантка конверсилоо жөнүндө жетишилген макулдашууну ишке ашыруу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасынын алдындагытышкы карызын грантка конверсиялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүменен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жоопкаттын долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри АкылбекҮсөнбекович Жапаровго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жооп катка кол коюуга ыйгарым укук берилсин. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов