Редакцияот 26.05.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 26-майындагы № 262-б                 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ       Хайдаркан сымап акционердик коомунун товардык запастарын азайтуу, финансылык абалын жакшыртуу, каражаттардын жүгүртүлүшүн тездетүү  жана жүгүртүлчү каражаттарды толуктоо максатында:      1. Хайдаркан сымап акционердик коомуна плавик-шпат  концентраттын топтолгон запастарын 2006-жылдын  31-декабрына  чейин  өздүк  наркынан төмөн баада сатууга уруксат берилсин.     2. Бул буйруктун  аткарылышын  конролдоо  Кыргыз  Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика  комплекси, кен  казып алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.       Премьер-министр                                     Ф.Кулов