Редакцияот 30.06.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-июну № 369-б                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ      Астана шаарында 2000-жылдын 21-январында кол коюлган, Чүй жана Та-лас сууларындагы мамлекеттер аралык колдонуудагы суу чарба курулуштарынпайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен  Казакстан  Рес-публикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ишке ашыруу максатында:     1. Чүй жана Талас сууларындагы мамлекеттер аралык колдонуудагы суучарба  курулуштарын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасы менен Казакс-тан Республикасынын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү  тууралуу  КыргызРеспубликасынын  Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн орто-сундагы протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.     2. Кыргыз  Республикасынын  Айыл,  суу  чарба жана кайра иштетүүчүөнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинин башкы директору  Кош-матов  Баратали  Турановичке аталган Протоколдун долбооруна Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.     3. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2004-жылдын 3-ноябрындагы №705-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.      Премьер-министр                                 Ф.Кулов