Бишкек шаары Өкмөт Үйү2006-жылдын 12-сентябры № 505-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКӨМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын биологиялык түрлөрүн сактоону үгүттөө жанажаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана кайра калыбынакелтирүү тармагындагы эл аралык кызматташууну чыњдоо максатында, КыргызРеспубликасынын өкмөтү менен Россия Федерациясынын Москва шаарынынөкмөтүнүн ортосунда 2000-жылдын 26-октябрында Москва шаарында кол коюлганСоодалык-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана маданийтармактарда кызматташуу жөнүндө макулдашууга ылайык: 1. Конфискацияланып, Ысыккөл облусунун Каракол шаарында Жапайыжаныбарлардын реабилитация борборунда убактылуу кармалып турган сибирьтукумундагы он бир тоо теке Москванын зоопаркына белекке тартуулансын. 2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жапайы жаныбарларды алып чыгуу жана жеткирүү үчүнкеректүү уруксат документтерди аныкталган тартипте даярдасын. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып алуу тармагыжана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов