Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2006-жылдын 18 сентябры, №530-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия ФедеративдүүРеспубликасынын Өкмөтүнүн ортосундагы достук мамилелерди чыњдоо жанатерењдетүү, ошондой эле 2006-жылдын 27-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган2005-2006-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагыМакулдашуунун 1-статьясын аткаруу максатында: 1. «Саламаттык сактоо» сектордук программасы үчүн Экономика жанафинансы министрлиги өкүлү болгон Кыргыз Республикасы («Алуучу») мененКfWнын, Франкфурт-на-Майне ортосундагы 16000000,00 евро суммасындагыфинансылык грант берүү жөнүндө келишимдин долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министри Акылбекүсөнбекович Жапаровго көрсөтүлгөн Келишимге кол коюуга ыйгарым укукберилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Финансылык грант беруу женунде келишим ………… КfW, Франкфурт-на-Майне, («КfW») жана Кыргыз Республикасынын («Алуучу») ортосундагы Экономика жана финансы министрлиги аркылуу 16 000 000,00 евро суммасында Саламатык сактоо боюнча сектордук программа Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү менен КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2006-жылдын 27-июнундагы 2005-2006-жылдарга Финансылык Кызматташтык жөнүндө (Өкмөттөр аралык макулдашуу)Макулдашуунун жана Кыргыз Ресмпубликасынын Өкмөтү менен донордуккоомдоштуктун ортосундагы Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосекторун реформалоонун «Манас Таалими» Улуттук программасына(«Меморандум») көмөк көрсөтүү үчүн түзүлүүгө тийиш болгон Өз ара түшүнүшүжөнүндө Меморандумдун («Memorandum of Understanding») негизинде Алуучужана КfW финансылык грант берүү жөнүндө төмөндөгү келишимди түзүштү: 1-статья Суммасы жана максаттык багытталышы1.1 КfW Алуучуга 16000 000.00 евроөлчөмүндөгү кайтарылгыс финансылык колдоо (грант) берет. Эгерде 3.2-статьяда башкача каралбаса, грант кайтарылып берилбейт. 1.2.Алуучу гранттын бүткүл суммасын дотация түрүндө Кыргыз РеспубликасынынСаламаттык сактоо министрлигине («Саламаттык сактоо министрлиги») жиберет.Алуучу Саламаттык сактоо министрлиги финансылык гранттын 14 000 000.00 евро өлчөмүндөгү бир бөлүгүн Кыргыз РеспубликасынынСаламаттык сактоо секторун реформалоонун «Манас Таалими» УлуттукПрограммасынын (2006-2010-жылдар) негизги сегиз компонентти («жумушчупрограммалары») жана («инвестициялар») боюнча чыгашаларды гана каржылооүчүн жана финансылык гранттын 2 000 000,00 еврого чейинки өлчөмдөгү бир бөлүгүнКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо секторун реформалоонун «Манастаалими» Улуттук программасынын (2006-2010-жылдар) алкагында («ылайыктууиш-чаралар») консультациялык иш-чараларды жана окутуу боюнча чаралардыгана каржылоо үчүн пайдаланышына байкоо жүргүзүп турат. Төмөндө пайдаланыла турган «Программа» деген термин жогоруда аталган«инвестициялар» жана «ылайыктуу иш-чаралар» деген түшүнүктөрдү билдириптурат. Алуучунун өкүлү катары Саламаттык сактоо министрлиги жана КfWӨзгөчө макулдашууда Программанын деталдарын, ошондой эле финансылыкгранттын эсебинен каржылана турган жөнөтүүлөрдү, жумуштарды жанакызматтарды аныктайт. 1.3.Алуучу тарабынан төлөнө турган салыктар жана башка коомдук жыйымдарошондой эле импорттук бажылык алымдар гранттык каражаттардын эсебиненкаржыланбайт. Каражаттарды тјлјј 2.1. КfW гранттын каражаттарын Программаны ишке ашыруунун жүрүшүнөылайык Саламаттык сактоо министрлигинин талап кылуусу боюнча төлөп турат.Саламаттык сактоо министрлиги жана КfW Өзгөчө Макулдашуунун алкагындатөлөмдөрдү жүзөгө ашыруунун тартибин, айрыкча гранттын төлөнгөнсуммаларынын максатуу пайдаланылгандыгы үчүн отчет берүүнүн тартибинаныктайт. 2.2. 2010-жылдын 31-декабры аяктагандан кийин КfW каражаттардытөлөөдөн баш тартууга укуктуу. 3-статья Төлөмдөрдү токтото туруу жана каражаттарды кайтарып берүү 3.1. КfW төмөндөгү учурларда гана: а) эгерде Алуучу белгиленген мөөнөттөрдө КfWнын алдындагы өзүнүнтөлөмдүк милдеттенмелерин аткарбаса; б) ушул Келишимден же ушул Келишимге карата Өзгөчө макулдашууларданкелип чыгуучу милдеттенмелер бузулса; в) эгерде Саламаттык сактоо министрлиги төлөнгөн гранттыккаражаттардын максатуу пайдаланылгандыгы жөнүндө ырастама бере албаса, же г) Долбоорду ишке ашырууну, пайдаланууну же анын максатын жоккочыгарган же ага олуттуу коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдар келипчыкканда гана, каражаттарды төлөөнү токтото турушу мүмкүн. 3.2. Эгерде 3.1 -статьянын б) же в) пункттарында аталган кырдаалдардынбири күчүнө кирсе жана КfW банкы белгилеген мөөнөттө четтетилбесе, мындабелгиленген мөөнөт кеминде 30 күндү түзүүгө тийиш, анда КfW; а) 3.1-статьянын б) пунктундагы кырдаалдар келип чыккан учурда, бардыктөлөнгөн суммаларды токтоосуз кайтарып берүүнү талап кылууга; б) 3.1-статьянын в) пунктундагы учур келип чыкканда, Алуучу максаттуупайдалангандыгы боюнча отчет бере албаган суммаларды токтоосуз түрдөкайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу. 4-статья Чыгымдар жана коомдук жыйымдар Германия Федеративдүү Республикасынын чегинен тышкары жерде ушулКелишимди түзүүгө жана ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан бардыксалыктарды жана башка мамлекеттик (коомдук) жыйымдарды, ошондой элегрантты төлөөдө келип чыккан каражаттарды которуу жана трансферт боюнчабардык чыгымдарды Алуучу төлөйт. 5-статья Келишимдик билдиріүлер жана өкүлчілүк 5.1. Ушул Келишимди аткарууда Экономика жана каржы министри жана алКfWга билдирген, коюлган колдорунун үлгүсүн өзү күбөлөндүргөн адамдарАлуучунун өкүлдөрү болуп эсептелет. Өкүлчүлүккө болгон толук укуктуулукКfWга Алуучунун тиешелүү ыйгарым укуктуу өкүлү тараптан бир маанидегикайра чакырып алуу кагазы түшкөн учурда гана аяктайт. 5.2. Ушул Келишимге киргизиле турган өзгөртүүлөр жана толуктоолор,ошондой эле макулдашкан тараптардын Ушул Келишимдин негизинде жасалганбашка арыздары же билдирүүлөрү жазуу жүзүндө жол-жоболоштурууга тийиш.Арыздар жана билдирүүлөр Келишим боюнча төмөндө көрсөтүлгөн же башкааталган өнөктүн төмөндөгү дарегине түшкөн учурда алынды деп эсептелет:КfW: КfW Postfach 11 11 41 60046 Frankfurt am Main Германия Федеративдүү Республикасы телефакс: 0049-69-7431-2944 Алуучу: Экономика жана финансы министрлиги Эркиндик көчөсү, 58 720040 Бишкек Кыргыз Республикасы телефакс: 00996-312-661645 Программаны ишке ашыруу Саламаттык сактоо министрлигиүчүн Моcква көчөсү, 148жооптуу ведомство: 720045 Бишкек Кыргыз Республикасы телефакс: 00996-312-660493 6-статья Программа 6.1. Алуучу Саламаттык сактоо министрлигине: а ) талапка ылайык финансылык жана техникалык принциптерди сактоо жанаалардын ортосунда, донордук коомдоштук жана КfW менен макулдашылганПрограммалык Концепцияга толук ылайык аракеттенүү менен Программаныдаярдоону, ишке ашырууну, пайдаланууну жана колдоо көрсөтүүнү; б) квалификациялуу инженер консультанттарга жана/же квалификациялуукомпанияларга тиешелүү иш-чаралардын алкагында жүзөгө ашырылып жатканконсультациялык чараларды жана окутуу боюнча чараларды өткөрүүнүтапшырууну; в) «Меморандумдун» жана ага байланыштуу бардык документтердиншарттарына ылайык «инвестициялардын» алкагында гранттык каражаттардынэсебинен каржыланып жаткан жөнөтүүлөргө, жумуштарга жана кызматтаргаподряддарды жайгаштырууну; г) эл аралык ачык тендердин негизинде «ылайыктуу иш-чаралардын»алкагында гранттын эсебинен каржыланып жаткан жөнөтүүлөргө, жумуштаргажана кызматтарга подряддарды жайгаштырууну тапшырат; д) Программаны чогуу каржылоону камсыз кылат жана ага ЮЧУнын сунуш-талабы боюнча ушул гранттын каражаттарынын эсебинен каржыланбаганчыгашаларды жабуу жөнүндө ырастаманы берет; ж) Программанын алкагындагы жөнөтүүлөр, жумуштар жана кызматтар боюнчабардык чыгымдар жана ушул гранттын каражаттарынын эсебинен каржылануучужөнөтүүлөр, жумуштар жана кызматтар боюнча бардык чыгымдар бир маанидеаныкталышы мүмкүн болгон китептерди жана документтерди жүргүзөт жежүргүзүүнү тапшырат; е) ар кандай мезгилде КfW тарабынан ыйгарым укук берилген адамдаргааталган китептер жана Программаны ишке ашыруу жана пайдалануу үчүн маанисибар бардык башка документтер менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет, ошондойэле Программаны жана ага байланыштуу башка бардык объектилерди карапчыгууга мүмкүнчүлүктү камсыз кылат; з) КfWга Программа жана аны андан ары өнүктүрүү жөнүндө ал талапj