Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 20-сентябры № 539-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жарандарынынөз ара барып-келүүлөр тартибин жөнгө салуу максатында: Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашу-унун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу оњдоо-лорду жана толуктоолорду эске алуу менен жактырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү, эки бир тууган мамлекеттин ортосундагы мамилелерди андан ары те-рењдетүүгө жана эки мамлекеттин жарандарынын ортосундагы карым-катнаш-тарды өнүктүрүүгө умтулгандыктарын билдиришип, Түбөлүк достук жөнүндө 1996-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Респуб-ликасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы келишимдин жоболорунжетекчиликке алышып, эки мамлекеттин жарандарынын өз ара барып-келүү тартибин жанашарттарын жөнгө салуу максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. 1. Бул Макулдашуунун № 1 жана 2 тиркемелеринде белгиленген жарак-туу документтердин ээлери болуп саналган Тараптардын мамлекеттерининжарандары Тараптардын мамлекеттеринин аймактарына 60 суткага чейинмөөнөткө визасыз кирүүгө, чыгууга, транзит менен өтүүгө жана убактылууболууга укуктуу. 2. Тараптардын мамлекеттеринин аймактарына 60 суткадан ашыкмөөнөткө кирүүгө жана болууга ниеттери бар Тараптардын мамлекеттерининжарандары Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары тарабынан белгиленгентартипке ылайык визаларды тариздешет. 2-статья. 1. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан дипломатиялыкөкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралыкуюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери болуп саналган жана жарактуудипломатиялык, кызматтык жана улуттук паспортторго ээ болгон Тараптар-дын биринин мамлекетинин жарандары өлкөнүн аймагына киргенден кийинаккредитацияны Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары тарабынан белги-ленген тартипке ылайык тариздешет жана аккредитация мөөнөтүнүн ичиндевизасыз болушат. 2. Бул статьянын 1-пунктунун жоболору аталган категориядагы жаран-дар экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында расмий түрдө болгон учурдаалар менен кошо жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө (күйөөсү/аялына жана бойгожете элек балдарына) карата дагы таратылат. 3-статья. Тараптар эл аралык каттоолор үчүн ачылган өткөрүү пункттары аркы-луу жарактуу жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ыла-йык тиешелүү түрдө таризделген, чегарадан өтүүгө укук берүүчү документ-терге ээ болгон Тараптардын мамлекеттеринин жарандарын үчүнчү өлкөлөргөөткөрүүгө милдеттенишет жана Тараптардын компетенттүү органдары үчүнчүөлкөлөргө чыгууга тыюу салган адамдардын үчүнчү өлкөлөргө чыгышын бол-турбоого чараларды көрүшөт. 4-статья. Тараптар бири-бирине ушул Макулдашуунун жоболорун колдонуу чөйрөсүбоюнча маселелер, анын ичинде адамдын ким экендигин күбөлөндүргөн жанаээлеринин жарандыгын тастыктаган колдонуудагы документтер, аларды берүүжана пайдалануу тартибиндеги өзгөрүүлөр, Тараптардын мамлекеттерининаймактарында чет өлкөлүк жарандардын болуу эрежелери, ошондой эле тие-шелүү мыйзам актылары жөнүндө маалымдап турушат. Тараптар жазуу жүзүндөгү өз ара макулдашуу боюнча ушул Макулдашуу-нун № 1 жана 2 тиркемелеринде белгиленген документтердин тизмелеринеөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууга укуктуу. Мында, жањы документтер киргизилсе же колдонуудагы документтергеөзгөртүүлөр киргизилсе, Тараптар жогоруда аталган документтер жеөзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин 30 суткадан кеч эмес дипломатиялыкканалдар аркылуу алардын үлгүлөрүн алмашат. 5-статья. Тараптар ушул Макулдашууга кол коюлгандан кийин ушул МакулдашуунунN 1 жана 2 тиркемелеринде белгиленген документтердин үлгүлөрүн диплома-тиялык каналдар аркылуу алмашат. 6-статья. Визаларды берүү үчүн консулдук жыйымдардын тарифтик чендерин Та-раптар ушул Макулдашуунун № 3 тиркемесине ылайык өз ара шарттарда анык-тайт. 7-статья. Тараптар өз ара шарттарда төмөнкү адамдарды визаларды берүү үчүнконсулдук жыйымдарды төлөөдөн бошотот: Тараптардын ортосундагы келишимдерге ылайык илим, техника, билимберүү, маданият, искусство жана спорт тармагындагы алмашуу иретинде ба-ра жаткан адамдарды; Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга тењделгенадамдарды, 1 жана 2-топтордогу майыптарды - тиешелүү күбөлүктөрдүкөрсөткөн учурда; 16 жашка чейинки жана 60 жаштан өйдөкү жарандарды; Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында жайгашкан билим берүү ме-кемелеринде, курстарда билим алган адамдарды - чакырып жаткан билимберүү мекемелеринин расмий өтүнүчтөрүнүн негизинде. 8-статья. Бул Макулдашуунун аракети тараган эки Тараптын тењ мамлекеттерининжарандары Тараптардын биринин мамлекетинин аймагына мамлекеттик чегара-дан өткөрүү үчүн белгиленген өткөрүү пункттары аркылуу Тараптардын мам-лекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык мамлекеттик чегарадан өтүүгөзарыл болгон жол-жоболорду сактоо менен кирүүгө, чыгууга жана транзитменен өтүүгө укуктуу. Мамлекеттик чегара аркылуу өткөрүү пункттарынын тизмелери өзүнчөмакулдашуу менен аныкталат. 9-статья. Тараптардын мамлекеттеринин жарандары экинчи Тараптын мамлекетининаймагында болгон убакта ушул Тараптын мамлекетинин мыйзамдарын жанаэрежелерин сактоого милдеттүү. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында кызматтык иштери боюнча бо-лушкан Тараптардын биринин мамлекетинин жарандарын бир жерге убактылуукаттоо жана каттоодон өткөрүү Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүүоргандары тарабынан ушул Макулдашуунун N 1 жана 2 тиркемелеринде белги-ленген документтердин, ошондой эле кызматтык жана иш-сапаркүбөлүктөрүнүн негизинде пошлиналарды жана жыйымдарды алуусуз ишке ашы-рылат. Бул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында болуусужагымсыз деп саналган экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарын кир-гизүүдөн баш тартуу же алардын болуу убактысын чектөө укугуна таасиринтийгизбейт. 10-статья. Мамлекеттик чегаранын атайын бөлүнгөн участкасында Тараптардынмамлекеттери тарабынан жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарып жатышканТараптардын биринин мамлекетинин аскер кызматкерлеринин экинчи Тараптынмамлекетинин аймагы боюнча кирүү, транзит менен өтүү жана чыгуу тарти-бин Тараптардын компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун ажырагысбөлүгү болуп саналган атайын протоколдун негизинде аныкташат. Тараптардын компетенттүү органдары дипломатиялык каналдар аркылууноталарды алмашуу жолу менен аныкталат. 11-статья. Өзгөчө учурларда (улуттук коопсуздукка, коомдук тартипке же жаран-дардын ден соолугуна коркунуч туудурулса, анын ичинде өзгөчө шарттардаж.б.) Тараптар ушул Макулдашуунун же анын айрым-бир жоболорунун колдо-нулушун убактылуу токтотуу укугун өздөрүндө сакташат. Бул учурда кызыкдар Тарап экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарынөз мамлекетинин аймагына визасыз киргизүүгө, чыгарууга, убактылуу бол-турууга жана транзит менен өткөрүүгө тиешелүү чектөөлөрдү коюшу мүмкүн,ал ушул тууралуу жогоруда аталган чектөөлөр күчүнө киргенге чейин 72саат мурун дипломатиялык каналдар аркылуу билдирет. 12-статья. Бул Макулдашууну колдонуунун натыйжасында келип чыккан маселелердиТараптар кењешмелерди жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечишет. 13-статья. Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагысбөлүгү болуп саналган жана Макулдашуунун 16-статьясында белгиленгентартипте күчүнө кирүүчү атайын Протоколдор менен таризделет. 14-статья. Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасыкатышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Та-раптардын укуктарына жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт. 15-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө2000-жылдын 2-июлундагы макулдашуу ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөнтартып өз күчүн жоготот. 16-статья. Бул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн Тараптар керектүү мамлекет ичин-деги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүалынган күндөн тартып өз күчүнө кирет жана Тараптардын бири ушул Макул-дашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тараптын расмийбилдирүүсүн алган күндөн тартып 90 күн өткөнгө чейин колдонулат. _________ шаарында 2006-жылдын "___" _______ эки түп нускада, арбири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттербирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун талкуулоо максатында орус тилиндегитекст пайдаланылат. Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга № 1 тиркеме Өзбекстан Республикасынын аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтеринин ТИЗМЕСИ 1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык паспорту. 2. Кыргыз Республикасынын кызматтык паспорту. 3. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту. 4. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту. 5. Төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүк (фотосүрөтү жана ээси жөнүндө маа-лыматтар бар вкладыш болгон учурда). 6. Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн күбөлүк. Эскертүү: Кыргыз Республикасынын жарандарынын 1994-жылкы үлгүдөгү паспортто-рунун ээлери болгон Кыргыз Республикасынын жарандары чегара аркылуу четөлкөгө чыгуу баракчасын милдеттүү түрдө толтуруусуз өтүшөт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2004-жылкы үлгүдөгү паспортто-рунун (пластикалык ID-карталардын) ээлери болгон Кыргыз Республикасынынжарандары чегара аркылуу мамлекеттик чегарадан өткөндүгү жөнүндө белги-лерди коюу үчүн вкладыш (дата-штамп) болгон учурда өтүшөт. Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга № 2 тиркеме Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн Өзбекстан Республикасынын жарандарынын документтеринин ТИЗМЕСИ 1. Өзбекстан Республикасынын дипломатиялык паспорту. 2. Өзбекстан Республикасынын жаранынын паспорту. 3. Өзбекстан Республикасынын 16 жашка чыга элек жаранынын күбөлү-гү. 4. Төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүк (фотосүрөтү жана ээси жөнүндө маа-лыматтар бар вкладыш болгон учурда). 5. Өзбекстан Республикасына кайтып келүү үчүн күбөлүк. Эскертүү: Өзбекстан Республикасынын 16 жашка чейинки бойго жете элек жаран-дары чегара аркылуу Өзбекстан Республикасынын 16 жашка чыга элек жара-нынын күбөлүктөрү же белгиленген тартипте бойго жете элек жарандаржөнүндө маалыматтар киргизилген ата-энелеринин же алардын мыйзамдууөкүлдөрүнүн паспорттору, же болбосо, төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүк боюн-ча өтүшөт. Өзбекстан Республикасынын 16 жаштан 18 жашка чейинки курактагы жа-на колдорунда Өзбекстан Республикасынын жаранынын паспорттору бар бол-гон жарандары өлкөнүн аймагынан өз алдынча, ээрчитип жүргөн адамдарсызчыгууга укуктуу. Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга № 3 тиркеме Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жарандарына визаларды даярдоо үчүн консулдук жыйымдардын тарифтик ЧЕНДЕРИ Алты айга чейин - 10 АКШ доллары; Бир жылга чейин - 20 АКШ доллары. Визаларды узартуу үчүн жыйымдар визаларды даярдоо үчүн алынганчендер боюнча алынат. Эскертүү: Визаларды даярдоодо консулдук жыйымдарды алуу менен катар Тарап-тардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык накталай чыгымдардын ордунтолтуруунун эсебине айрым-бир суммалар дагы алынышы мүмкүн.