Бишкек шаары, Өкмүт Үйү 2006-жылдын 19-сентябры № 536 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Чогуу алганда мамлекеттик протоколдук муктаждыктары үчүн наркы 15 млн. кытай юаны турган автомобиль техникасын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин катына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жооп катынын тиркелген долбоору жактырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов