Бишкек шаары,Јкмјт Ійі 2006-жылдын 2-октябры №564-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 10-августундагы №474«Кыргыз Республикасынын Эл аралык ведомстволор аралык келишимдеринтузүүнүн, аткаруунун жана токтотуунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүүтууралу» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эларалыкведомстволор ортосундагы келишимдерин түзүү, аткаруу жана токтотуу тартибижөнүндө Жобонун 2-бөлүмүнүн 4-пунктуна ылайык жана укуктук жардам көрсөтүүчөйрөсүндө региондор оросундагы кызматташтыкты чыњдоо максатында: Укуктук жардам жана кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкыпрокуратурасы менен Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасынынортосундагы Макулдашуунун долбоору принциптүү эмес мүнөздөгүүөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен жактырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Укуктук жардам жана кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын ортосундагы Макулдашуу Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Башкыпрокуратурасы менен Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасы,эларалык укуктун жалпы таанылган нормаларына негизденип, мамлекеттердин эгемендуүлүгүнүн жана көзкарандысыздыгынынпринциптерине, өзара түшүнүшүүнүн жана пайданын негизинде прокуратураоргандарынын ортосундагы кызматташтыкты кењейтүүгө алардын умтулуусунатаянып, жарандардын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана эркиндиктеринишенимдүү"- коргону камсыз кылуу зарылчылыгын жетекчиликке алып, улуттук коопсуздукка кылмыштуу кол салууларга, конституциялыктүзүлүштү зордук менен өзгөртүүгө бөгөт коюу, алдын алуу, табуу, бетиначуу жана тергөө, эларалык терроризм, бањги каражаттарды, психотроптукзаттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө, кылмыштын башкакоркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөшүү маселелерин чечүүдө оперативдүү өзарааракеттенүү жана кесиптик карым-катыштарды кењейтүү максатында, Жарандык, үйбүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жанаукуктук мамилелер жөнүндө Кыргыз Республикасы менен ӨзбекстанРеспубликасынын ортосундагы 1996-жылдын 24-декабрындагы Келишимдин,Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө КыргызРеспубликасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөттөрүнүнортосундагы 1999-жылдын 9-июлундагы Макулдашуунун, Бањги каражаттарды,психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршыкүрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мененӨзбекстан Республикасынын Өкмөтөрүнүн ортосундагы 1999-жылдын 9-июлундагыМакулдашуунун жоболоруна, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен ӨзбекстанРеспубликасы катышуучусу болуп саналган башка эларалык келйшимдергетаянып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья 1. Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорунун негизинде өзкомпетенцияларынын чектеринде тењдештик, келишимдик милдеттенмелердисактоо жана өзара урматташуу принциптеринде кызматташтыкты жүзөгө ашырат. 2. Тараптар ушул Макулдашуунун негизинде төмөнкүдөй кылмыштардын алдыналууда, аларга бөгөт коюуда, табууда, бетин ачууда жана тергөөдөкызматташтыкты жүзөгө ашырат: терроризм, сепаратизм, экстремизм; куралды, ок-дарыларды, жардыргыч затгарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү,dpnksj жана радиоактивдүү материалдарды, бањги каражаттарды, психотроптукзаттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү; конституциялык түзүлүшкө кол салуу жана бийликти күч менен басып алуу; инсандын өмүрүнө, денсоолугуна, эркиндигине, ар-намысына жана кадыр-баркына каршы; мыйзамсыз миграцияны уюштуруу; адамдарды сатуу жана үчүнчү жактардын сойкулукту пайдаланышы; экономикалык, тышкы экономикалык иш чөйрөсүндө, анын ичинде салыксалуу, кылмыштуу иштен, контрабандадан, жасалма акча жасоодон жана баалуукагаздарды колго жасоодон алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу жагында; менчикке каршы, анын ичинде, автотранспорт каражаттарын, малды уурдооменен байланышкан; курчап турган чөйрө жана жаратылышты пайдалануу жагында; машташкан жана башка кылмыштын башка түрлөрү. 2-статья Тараптар Макулдашуу менен жетишилген келишимдерди турмушка ашыруумаксатында төмөнкүлөр боюнча укуктук жардам көрсөтөт: тергөө аракеттерин жана оперативдик издөө ишчараларын жүргүзүү жөнүндөтапшырмаларды аткаруу; кылмыштык куугунтуктоодон же жазаны өтөөдөн жашырынган, ошондой эледайынсыз жоголгон адамдарды издөөнү уюштуруу; номери бар же өзгөчө айырмалоочу белгилери бар уурдалган буюмдарды,анын ичинде автотранспортту жана ок атуучу куралды, ошондой эле номерлүүбаалуу кагаздарды, инсандын ким экендигин тастыктаган документтердибелгиленген тартипте издөөгө жана кайра кайтарууга көмөктөшүү; адамдардын жана кылмыштуу жамааттардын (уюмдардын) криминалдык ишинебөгөт коюу боюнча аракеттерди макулдашуу, анын ичинде жеке жана юридикалыкжактардын даярдалып жаткан же жасалган кылмыштарга, өзгөчө бањгикаражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсызжүгүртүү, адамдарды сатуу чөйрөсүндөгү кылмыштарга жана кызмат адамдарыкатышкан топто жасалган кылмыштарга тиешеси жөнүндө маалымат алмашуу; Тараптардын мамлекеттеринин аймагында мыйзамсыз жүргөн адамдар жөнүндөмаалымдоо. 2. Тараптар конкреттүү кырдаалдарга таянуу менен жана мамлекеттердинулуттук мыйзамдарына ылайык башка өзара алгылыктуу формаларда да өзараукуктук жардам көрсөтө алат. 3-статья Ушул Макулдашуунун алкагында көмөк көрсөтүүдөн, эгерде бул адамукуктарын бузууга алып келиши, мамлекеттин эгемендүүлүгүнө жекоопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн болсо, же суратылып жаткан мамлекеттинулуттук мыйзамдарына жана ал түзгөн эларалык келишимдер боюнчамилдеттенмелерге карама-каршы келсе, толугу менен же жарым-жартылай баштартылышы мүмкүн. Мындай чечим кабыл алынган учурда суратып жаткан Тарапка баш тартуунунсебептерин көрсөтүү менен бул жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдалат. 4-статья Бул Макулдашууну аткаруу максатында Тараптар бири-бири менен түздөнтүзбайланышат, ошондой эле, эгерде мамлекеттер ортосундагы келишимдерде башкатартип белгиленбесе, ушул Макулдашуунун жоболоруна толук ылайыкаракеттенген өз мамлекеттеринин чегара региондорунун компетенттүүпрокуратура органдары аркылуу кызматташат. Чегара региондорунун прокуратуралары болуп төмөнкүлөр саналат: Кыргыз Республикасында - Баткен, Ош жана Жалалабат облустарынынпрокуратуралары. Өзбекстан Республикасында - Андижан, Фергана жана Наманганоблустарынын прокуратуралары. Чегара региондорунун прокуратуралары региондук дењгээлде түздөнтүзбайланышуу аркылуу ушул Макулдашуунун 2-статьясында көрсөтүлгөнишчараларды аткаруу учурунда бири-бирине укуктук жардам көрсөтөт. Мындан тышкары, чегара региондорунун прокуратураларынынкызматташтыгынын чөйрөсүнө алардын региондук бажы органдарынын ишине, аныничинде: контрабандалык иштин алдын алуу боюнча; кызмат адамдарынын катышуусу менен топто жасалган кылмыштардын алдыналуу жана аларды табуу боюнча ишине көзөмөлдү жүзөгө ашыруу учурундаукуктук жардам көрсөтүүсү кирет. 5-статья 1. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүч жазуу жүзүндө толтурулууга,ага прокуратуранын жетекчиси же жетекчисинин орунбасары кол коюуга, алсуратып жаткан мекеменин гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө жанатөмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш: Тараптардын прокуратураларынын же алардын мамлекеттеринин чегарарегиондорунун прокуратураларынын аталышын; кайрылуу максатынын баяндоосун же суратылып жаткан укуктук жардамдынтүрүнүн баяндамасын; жеке адам жөнүндө маалыматтарды: фамилиясын, аты-жөнүн, туулгандатасын жана ордун, жашаган жерин, жарандыгын, эмгек ишинин түрүн;юридикалык жак жөнүндө маалыматтарды: аталышын, юридикалык дарегин жетурган жерин, банктык реквизиттерин жана фискалдык коддорун, жосундун жеокуянын сыпаттамасын, сураткан Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарынаылайык кылмыштуу кол салуунун квалификациясын, жазык мыйзамынынколдонулуучу нормасынын текстин жана, эгерде зыян кылмыш жасоонуннатыйжасында келтирилген болсо, анын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды; кылмыш ишинин алкагында аткарылууга зарыл болгон процесстикаракеттердин же оперативдүү издөө ишчараларынын кењ-кесири тизмесин,ошондой эле өтүнүчтү аткаруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды. 2. Өтүнүч бир айдан кеч эмес мөөнөттө аткарылат. Аны өз учурундааткарууга тоскоолдук кылган учурларда себептерди көрсөтүү менен суратканТарапка тезарада маалымдалат. 6-статья Өтүнүчтү аткаруу учурунда суратылып жаткан прокуратура өз мамлекетининмыйзамдарын жетекчиликке алат. 7-статья Ыйгарым укуктуу прокурорлордун атайын токтомдорун же санкцияларынаткаруу үчүн бул чечимдер өтүнүчтүн демилгечиси тарабынан кабыл алынат.Суратылып жаткан тарап көрсөтүлгөн чечимдердин негиздүүлүгүн карабайт. 8-статья Тараптардын биринин аймагында кылмыш жасаган жана башка Тараптынаймагында жүргөн адамдарды өткөруп берүү жана аларды кылмыштыккуугунтуктоонун чектери бул мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына жанамамлекеттер аралык келишимдерде белгиленген тартипке ылайык жүзөгөашырылат. 9-статья Бир нече мамлекетгердин аймагында жасалган кылмыштарды тергөө жөнүндө,ошондой эле ушундай иштер боюнча тергөөгө көзөмөл жөнүндө маселеТараптардын жетекчилеринин макулдашуусу боюнча чечилет. Зарыл учурларда, кылмыштарды тез жана ар тараптан тергөө максатындабиргелешкен тергөө топтору түзүлүшү мүмкүн. Биргелешкен тергөө топторунун мүчөлөрү түздөнтүз өзара аракеттенет,тергөөнүн негизги багыттарын, тергөө аракеттерин жүргүзүүнү макулдашат,алынган маалыматты алмашат. Макулдашуу боюнча алардын ишинкоординациялоону биргелешкен тергөө тобун түзүүнүн демилгечиси же анынмүчөлөрүнүн бири жүзөгө ашырат. Тергөө аракеттерин ал мамлекеттин аймагында жүргүзүлүп жаткан Тараптынahpcekexjem тергөө тобунун мүчөлөрү жүзөгө ашырат. 10-статья Укуктук жардам көрсөтүү маселелери боюнча өздөрүнүн өзарамамилелеринде Тараптар текстти сөзсүз түрдө орус тилине которуу менентиешелүү мамлекеттик тилди пайдаланат. Котормо ыйгарым укуктуу адамдын колу жана мөөр менен күбөлөндүрүлүүгөтийиш. 11-статья Укуктук жардам көрсөтүү менен байланышкан чыгымдарды мамлекеттинаймагында конкреттүү аракеттер жүзөгө ашырылып жаткан Тарап көтөрөт. 12-статья Тараптар кылмыш ишйн козгоо жөнүндө жана зарылчылык болгон учурдатиешелүү Тараптын мамлекетинин жарандарына карата мыйзамдуу күчүнө киргенөкүм жөнүндө маалыматтарды бири-бирине берет. 13-статья Тараптар ведомстволук статистикалык маалыматты, методикалык иштепчыгууларды, улуттук мыйзамдар жана иштелип чыгып жаткан мыйзам долбоорлоружөнүндө маалыматтарды, өзара кызыкчылыкты билдирген башка маалыматтыалмашат; материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүүдөбири-бирине көмөк көрсөтөт. 14-статья Тараптардын өзара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажыралгысбөлүгү болуп саналган протоколдор менен таризделет. Бул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин Укуктук жардам жана кызматташтыкжөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен ӨзбекстанРеспубликасынын Башкы прокуратураларынын ортосундагы 1994-жылдын 10-декабрындагы Макулдашуу өзүнүн күчүн жоготот. 15-статья Ар бир Тарап, эгерде экинчи Тарапка берилген купуя маалыматтар жабыкмүнөздө болсо же берип жаткан Тарап алардын мазмунун жарыя кылуунун керегижок деп эсептесе, ал маалыматтардын сакталышы боюнча зарыл чаралардыкөрөт. Ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын биринен алынган маалыматтардыүчүнчү Тарапка берүү зарыл болгон учурда бул маалыматтарды берип жатканТараптын макулдугу талап кылынат. 16-статья Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө же колдонуу учурунда талаштаржана пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар алардыконсултацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечет. 17-статья Бул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5жылдык мөөнөткө түзүлөт. Анын колдонулушу, Тараптардын бири булМакулдашуунун колдонулушун токтотууга өзүнүн ниети жөнүндө экинчи Тарапкатиешелүү мезгил аяктаганга чейин кеминде алты ай мурда жазуу жүзүндөбилдирбесе, кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн-өзү узартылат. Бул Макулдашуу өзүнүн колдонулушун Тараптардын бири анын колдонулушунтоктотууга өзүнүн ниети жөнүндө экинчи Тараптын тиешелүү жазуу жүзүндөгүбилдирүүсүн алгандан алты айдан кийин өз күчүн токтотот. ________________шаарында 200_ -жылдын «___»______________________________эки түп нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мындабардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келипчыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алат. Кыргыз Республикасынын Өзбекстан РеспубликасынынБашкы прокуратурасы үчүн Башкы прокуратурасы үчүн