Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2006-жылдын 2-октября, №562-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин жанаӨзбекстан Республикасынын «Өзбектуризм» Улуттук компаниясынын ортосундаТуризм тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин жана Өзбекстан Республикасынын «Өзбектуризм» Улуттук компаниясынын ортосунда Туризм тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай,соода жана туризм министрлиги жана Өзбекстан Республикасынын «Өзбектуризм»Улуттук компаниясы, эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө умтулууну,ошондой эле 1996-жылы 24-декабрда Ташкент шаарында кол коюлган КыргызРеспубликасы менен . Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достукжөнүндө келишимде көрсөтулгөн принциптерди жетекчиликке алып, Улуу жибек жолунда жайгашкан өлкөлөрдү социалдык-экономикалыкөнүктүрүүдөгү туризмдин маанилүү ролун жана Борбордук Азияда бирдиктүүэкономикалык жана туристтик мейкиндикти түзүүдөгү анын бириктирүүчү ролунэске алып, Кыргызстандын жана Өзбекстандын элдеринин ортосунда салттуубайланыштарды, тилдин жана маданияттын көп кылымдык жалпылыгын эске алып,туризм тармагында кызматташууну чыњдоону жана терењдетүүнү негизги милдеткатары коюп, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине негизденишип,төмөнкүлөр тууралуу макулдашты: 1-статья Тараптар дүйнөлүк туризм рынокторунда туризм тармагында өзпозицияларын илгерилетүү жана эки мамлекеттин жарандарын, ошондой эле четэлдик жарандарды экономика, социалдык өнүктүрүү, тарых, маданияттармагындагы жетишкендиктер, жаратылыш жана кооз жерлер, ошондой элеБорбордук Азия элдеринин тарыхый эстеликтери жана маданий салттары мененойдогудай тааныштыруу үчүн кызматташууну чыњдоого жана кењейтүүгө көмөккөрсөтүшөт. 2-статья Тараптар эки мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык эл аралыктуризмди өнүктүрүүгө катышкан кыргыз жана өзбек уюмдары, ассоциацияларыжана компанияларынын ортосундагы кызматташууну түзүү жана өнүктүрүү үчүншарттарды түзүшөт. 3-статья Кызыкдар субъекттердин ортосундагы кызматташуу төмөнкү жолдор мененишке ашырылат: 1. Туристтерди тейлөө максатында биргелешкен ишкердикти уюштуруу; 2. Биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу; 3. Адистерди алмашуу; 4. Көргөзмөлөрдү жана туристтик жармањкелерди уюштуруу; 5. Тараптардын мамлекеттеринин биринде биргелешкен жыйындарды жанаконсультацияларды өткөрүү (өз ара макулдашуу боюнча). 4-статья Тараптар тењ укуктуулук жана өз ара пайданын негизинде туризмдиөнүктүрүү тармагында кызматташат, ошондой эле эки мамлекеттин ортосундатуристтердин келишин күчөтүү максатында администрациялык формалдуулуктардыжөнөкөйлөтүүгө көмөк көрсөтүшөт. 5-статья Тараптар ошондой эле жарнама материалдарын жарыялоо, башка өлкөлөрменен туристтик кызматташууну жөнгө салуучу мыйзам актылары жөнүндөмаалымат алмашуу, басылмалар, көргөзмөлөр, фильмдер аркылуу Кыргызстангажана Өзбекстанга туристтердин агымын тартуу үчүн туристтик маалыматтытаратууга көмөк көрсөтүшөт. 6-статья Тараптар туристтик комплекстердин кадрларын жана персоналдарынокутууда бири-бирине жардамдашат жана туризм боюнча тийиштүү органдардынадистерди алмашуусуна, жана туризм чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлордутүзүүдө тийиштүү ведомстволорго жана кызыкдар уюмдарга көмөктөшөт. 7-статья Тараптар туризм чөйрөсүндөгү инвестициялар тармагында, өз ара пайдалуукызматташуу мүмкүнчүлүктөрун табышат, бул максаттар үчүн адистердиалмашат, консультацияларды өткөрүшөт, материалдарды жарнамалашат жанажарыялашат, капитал салуу мүмкүнчүлүгүнө колдоо көрсөтүшөт, биргелешкенишканаларды түзүүдө жана башка долбоорлорду ишке ашырууда кызыкдарфирмаларга, ведомстволорго жана уюмдарга жардам көрсөтүшөт, ошондой элеушул Макулдашууну ишке ашырууга байланыштуу маселелер боюнча жумушчутопторун түзүшөт. 8-статья Тараптар биргелешкен жумушчу тобун түзүүгө макулдашты, ага туристтикбайланыштардын абалын аныктоо жана өз ара кызматташуунун багыттарынталкуулоо үчүн туристтик уюмдардын, федерациялардын жана ассоциациялардынөкүлдөрү кирет. 9-статья Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделетжана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ушулМакулдашуунун 10-статьясында каралган тартипте күчүнө кирет. 10-статья Бул Макулдашуу ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана үч жылбою колдонулат. Эгерде Тараптардын бири да тийиштүү мезгил бүткөнгө чейинүч ай мурун экинчй Тарапка ушул Макулдашуунун аракетин токтотуу ниетитууралуу билдирбесе кийинки үч жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү узартылат. 200__- жылдын «___»__________________шаарында эки түп нускада, ар бирикыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкөээ. Бул Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурдаорус тилиндеги текст негиз катары алынат. Кыргыз Өзбекстан Республикасынын Өнөр Республикасынын жай, соода жана туризм «Өзбектуризм» министрлиги үчүн Улуттук компаниясы үчүн