Бишкек шаары,Јкмјт Ійі2006-жылдын 2-октябрындагы, №563-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы 2007-2011-жылдарга экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардыккызматташтык жөнүндө келишимдин тиркелген долбоору принциптүү эмесмүнөздөгү мүмкүн болгон оњдоолор жана толуктоолор менен жактырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы 2007-2011-жылдарга экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык жөнүндө Келишим Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасы жана ӨзбекстанРеспубликасы, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы 1996-жылдын 24-декабрындагы түбөлүк достук жөнүндө Келишимди жетекчиликке алып, мамлекеттер аралык интеграция экономикалык өнүгүүнүн маанилүүэлементтеринин бири экендигин эске алып, тењ укуктуу жана өз ара пайдалуу соода-экономикалык жана өндүрүштүкмамилелерди андан ары бекемдөө жана өнүктүрүү, аларга узак мөөнөттүү жанатуруктуу мүнөз берүү, эки мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүннатыйжалуу пайдалануу зарылдыгын көрсөтүп, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдардын жана жумушчукүчтөрүнүн эркин которулушуна этап-этабы менен өтүү үчүн шарттарды түзүүгөөзгөчө маани берип, эларалык укуктун жалпыга таанылган ченемдерин жана принциптеринжетекчиликке алып, төмөнкүлөргө макулдашты: 1-статья Тараптар ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган КыргызРеспубликасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы 2007-2011-жылдарга экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкпрограммасын ( мындан ары - Программа) жүзөгө ашырууну жүргүзөт. 2-статья Тараптардын экономикалык кызматташтыгы Кыргыз Республикасы жанаӨзбекстан Республикасы катышуучулар болуп саналган эларалык келишимдерге,эларалык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондойэле эки өлкөнүн улуттук мыйзамдарына жоболоруна ылайык менчигинин жана башийүүчүлүгүнүн түрүнө карабастан эки мамлекеттин чарбакер субьекттерининортосундагы өз ара пайдалуу өз ара аракеттенүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптар чарбакерсубьекттердин ортосунда кооперацияны өнүктүрүү жана инвесторлорго экимамлекеттин аймактарында инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу,биргелешкен өндүрүштүк структураларды түзүү үчүн жагымдуу шарттардытүзүшөт. 3-статья Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана Борбордук Азияда жалпыэкономикалык мейкиндикти этап-этабы менен түзүүнүн жана өнүктүрүүнүнзарылдыгын таанып, тышкы экономикалык ишмердик, соода-экономикалыкмамилелер, салык, бажы жана тариф системасы, курчап турган чөйрөнү коргоожана жаратылышты пайдалануу, монополияга каршы саясат жанакеректөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тармактарындагы ченемдик-укуктук базаныжакындатуу, өзүнчө долбоорлорду жана программаларды түзүү, чарбакерсубьекттер ортосунда өз ара пайдалуу экономикалык жана илимий-техникалыкбайланыштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, эки мамлекеттин аймактарындаулуттук жана чет өлкөлүк инвесторлордун өз ара ишмердиктерин активдештирүүүчүн жагымдуу шарттарды түзүшөт. Тараптар эки тараптын экономикасынын таламдарына зыян келтирүүчүаракеттерди жасашпайт. 4-статья Тараптар: биргелешкен өндүрүштөр менен иш алып барышкан улуттук товарөндүрүүчүлөрдү колдоо жана коргоо чараларынын системасын биргелешип иштепчыгышат жана жүзөгө ашырышат; өндүрүштү терењдетип кооперациялоонун негизинде жањы муундагымашиналарды жана жабдууларды жасап чыгаруу боюнча биргелешкен ишканалардытүзүүнү колдошот; өнөр жайдын базалык ишканаларынын жана агрардык-өнөр жайкомплекстеринин ортосунда өз ара пайдалуу байланыштарды бекемдөөгө бирдейкызыгууну таанышат. 5-статья Тараптар инвестицияларга кызыктыруу жана өз ара коргоо, баалуукагаздар рыногунда өз ара аракеттенүү боюнча ишкердикти колдоо, биржасоодасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүшөт. 6-статья Тараптар өз ара пайдалуу негизде жалпы кызыкчылыктары бар проблемаларбоюнча биргелешкен илимий иштерди уюштурууну кошуп алганда эларалыкдолбоорлордун чектеринде фундаменталдуу жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүжүргүзүүдө өз ара аракеттенүүлөрдү камсыз кылышат. 7-статья Тараптар транспорт жана байланыш тармактарындагы кызматташтыктыулантышат. Мьшда ар бир Тарап өз мамлекетинин аймагы боюнча экинчиТараптын автоунаа каражаттарынын кирүү, чыгуу жана транзиттик өтүүлөрүнөжагымдуу шарттарды камсыз кылууга умтулат. 8-статья Тараптар продукцияларды берүү боюнча чарбакер субьекттердин ортосундагыкелишимдерди түзүүдө Тараптардын улуттук мыйзамдарында каралган алардынайрым түрлөрүнөн башкаларына чектөөлөрдү киргизишпейт. 9-статья Тараптар маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, курчап турганчөйрөнү коргоо, спорт, туризм, жаштар саясаты мекемелеринин жана коомдукуюмдардын ортосундагы узак мөөнөттүү байланыштарды орнотууга көмөккөрсөтүшөт. Тараптар кесипкөй, эл чыгармачылык жана балдар жамааттарынынфестивалдарга, кароолорго, конкурстарга жана мелдештерге катышуусу, жаштарсаясаты тармагында биргелешкен программаларды уюштуруу, көркөм, музейкөргөзмөлөрү, ошондой эле театр-концерт гастролдору, туристтик жанаспорттук делегацияларды өз ара жиберишүү үчүн зарыл шарттарды түзүшөт. 10-статья Тараптар Кыргыз Республикасьшын жана Өзбекстан Республикасынынортосунда эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкенкомиссияга Программанын аткарылышын координациялоону, анын жүзөгөашырылышынын жүрүшүнө контролдук жүргүзүүнү жана зарыл учурда агатолуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну тапшырышат. 11-статья Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Келишимге өзгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болупсанала турган түзүлүүчү протоколдор менен таризделет. Ал протоколдор ушулКелишимдин 14-статьясынын жоболоруна ылайык күчүнө кирет. 12-статья Ушул Келишимдин жоболорун чечмелөө жана колдонуу менен байланышканбардык талаштарды жана пикир келишпестиктерди Тараптар сүйлөшүүлөр жанакењеш берүүлөр жолу менен чечишет. 13-статья Бул Келишим Тараптар катышуучулар болуп саналышкан башка эларалыккелишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелеринкозгобойт. 14-статья Бул Келишим ал күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жол жоболордуТараптар аткаргандыгы тууралуу кат жүзүндөгү акыркы билдирүү алынганкүндөн тартып күчүнө кирет жана 2011-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат. Тараптардын ар бири экинчи Тарапка кат жүзүндөгү билдирүү жиберип, булКелишимдин колдонулушун токтото алат. Бул учурда Келишим өзүнүнколдонулушун андай билдирүү алынган күндөн тартып алты айдан кийинтоктотот. Бул Келишимдин колдонулушунун токтотулушу бул Келишим колдонулупжаткан мезгилде күчүнө кирген жана ал токтотулган мезгилде аяктай элекдолбоорлорду жүзөгө ашырууну токтотууга алып келбейт. Ташкент шаарында 200 -жылдын « » - ар бирикыргыз, өзбек жана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү, мында бардыктексттер бирдей күчкө ээ. Бул Келишимдин жоболорун чечмелөө үчүн Тараптар орус тилиндеги тексттиколдонушат. Кыргыз Республикасы Өзбекстан Республикасы ічүн үчүн Долбоор Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы 2007-2011-жылдарга экономикалык, илимий- техникалык жана гуманитардык кызматташтык Программасы Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы экономикалык маанилүүөнөктөштөр болуп саналышат. Эки мамлекеттин тењ өз ара экономикалыккызыкчылыктары тарыхый калып алып калган өндүрүштүк, кооперациялык жанатехнологиялык байланыштар, ошондой эле аларды сактоонун жана өз арапайдалуу негизде андан ары өнүктүрүүнүн нагыз зарылдыгы менен шартталган. Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыктын стратегиясын иштеп чыгуунунжана артыкчылыктуу багыттарын аныктоонун чараларынын топтомун кабылалуунун зарылдыгын таанышат. Ошону менен катар, эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы Тараптардынмуктаждыктарына жооп бербейт, бул экономикалык, илимий-техникалык жанагуманитардык кызматташтыктын узак мөөнөттүү программасын иштеп чыгуунунзарылдыгын шарттайт. I. Программанын максаттары жана милдеттери Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы 2007-2011-жылдарга экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардыккызматгаштык программасы (мындан ары - Программа) жагымдуу соода режиминорнотуу, өз ара пайдалуу экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардыккызматташтыкты өнүктүрүү, эки мамлекеттин экономикаларынын негизгитармактарындагы кызматташтыкта жана өз ара аракеттенүүдө, ушул негизде өзара товар жүгүртүүнү өстүрүүдө олуттуу прогресске жетишүү боюнчачаралардын топтомун жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыкты. Бул программанын негизги максаттары болуп эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой элеКыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын калкынын жашоодењгээлдерин көтөрүү жана эки мамлекеттин элдеринин руханий-маданийкеректөөлөрүн канааттандыруу саналат. Бул максаттарды жүзөгө ашыруу учүн төмөнкү милдеттерди чечүү талапкылынат: бардык чарбакер субьекттер үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жанакепилдиктерди камсыз кылууда, ак ниеттүү атаандаштык үчүн шарттардытүзүүдө өз ара аракеттенүүнү; мамлекеттер аралык жана регион аралык (Тараптардын мамлекеттерининадминистративдик-аймактык бирдиктеринин ортосунда) кызматташтыктыөнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын мамлекеттик колдоонун, экимамлекеттин ортосундагы соода-төлөм мамилелеринин тењ салмактуулугункамсыз кылуу системаларын түзүүнү; инвестициялык, ишкердик структураларынын өкүлдөрү ортосундафорумдарды, жолугушууларду үзгүлтүксүз өткөрүп турууну жана жагымдууинвестициялык климатты түзүүнү; соодага кызыктыруу, анын ичинде жармањкелерди, көргөзмөлөрдү уюштуруужана өткөрүү аркылуу ишмердикти колдоону; эларалык транспорттук коммуникацияларды жана байланыштарды натыйжалуупайдаланууну жана өнүктүрүүнү, иштеп жаткан транспорттук өтмөктөрдүннатыйжалуулугун жогорулатууну жана жањыларын түзүүнү; чарбакер субьекттердин менчиктештирүүнүн улуттук программаларына өзара катышуусуна жагымдуу шарттарды түзүүнү; салык, бажы, монополияга каршы саясатты укуктук жөнгө салуу, тышкысоода операцияларын, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону жүргүзүүтармактарындагы кызматташууну; өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүүнү интенсификациялоону; чарбакер субъекттерди өндүргөн товарлардын, продукциялардын жанакызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасын кењейтүүгө, өндүрүштү өнүктүрүүгөинвестицияларды көбөйтүүгө, илим жана алдыњкы технологиялар тармагындагыжањы жетишкендиктерди киргизүүгө, чыгарылып жаткан продукциялардын сапатьшжакшыртууга кызыктырууну; курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык абалды жакшыртуу, табыгыйкырсыктардын жана алааматтардын кесепеттерин жоюу боюнча макулдашылганаракеттерди жүзөгө ашырууну; билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, спорт, туризм, курчап турганчөйрөнү коргоо, экологиялык абалды жакшыртуу, калктын руханий жанасоциалдык керектөөлөрүн толугураак канааттандырууга көмөк көрсөтүүчүгуманитардык кызматташтыктын башка түрлөрүнүн чөйрөлөрүндө тажрыйбаалмашууну жана биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну. II. Экономикалык кызматташтыкты Јніктіріінін негизги багыттары Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагыэкономикалык кызматташтыкты кењейтүү төмөнкү тармактарда жүзөгө ашырылат: салттуу, ошондой эле салттуу эмес номенклатурадагы товарлар боюнчатышкы соода жүгүртүүнү калыбына келтирүү жана кењейтүү; биргелешкен чарбалык ишмердикти өнүктүрүү; эки тараптуу соода жана инвестициялык ишмердикти жүзөгө ашыруунунуюштуруучулук-экономикалык механизмин иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; мамлекеттердин чарбакер субьекттеринин иштөөсүнүн өз ара пайдалуушарттарын түзүү; темир жол, автомобиль жолдорун, өнөр жай объекттерин куруу; пайдалуу кен байлыктарды геологиялык-сүрөткө тартуу жана иликтөөжумуштары, чалгындоо жана иштетүү; маалыматтарды алмашуу жана ишкер байланыштарды орнотуу боюнча улуттукжана эларалык көргөзмөлөрдү, жармањкелерди жана семинарларды,конференцияларды жана иш чараларды өткөрүү, ишкер чөйрөлөрдүн жана соодамиссияларынын иш сапарларын уюштуруу; макулдашылган программалардын базасында квалификациялуу адистердидаярдоо жана такшалуудан өткөрүү. Тараптар эки тарапты тењ кызыктырган чөйрөлөрдө кызматташуунункелечектүү багыттары боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырышат. Бул Программага ылайык Тараптар төмөнкү иш-чараларды жүзөгө ашырышат: 1. Өндүрүштөрдү биргелешип түзүү жана иштеп жаткандарын өнүктүрүү, булөндүрүштөрдү зарыл ресурстар менен камсыз кылууга үлүштүк катышуунунжолдору жана түрлөрү, эки мамлекеттин экономикалык коопсуздугу үчүнмаанилүү болгон ишканалардын өндүрүштүк профилдерин сактоо жөнүндөсунуштарды кароо; 2. Топтолгон илимий-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү сактоо жана өнүктурүү,бул жетишкендиктерди экономикалык реформаларды жүргүзүү үчүн колдонуу,инвестициялык саясатты, кооперацияны жүргүзүү тармагында кызматташуунутерењдетүү, өздөрүнүн товар өндүрүүчүлөрүнө продукцияларын өндүрүү жанасатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, эки өлкөнүн экспорттукмүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо; 3. Биргелешкен кыргыз-өзбек ишканаларын баарыдан мурда артыкчылыктуутармактарда жана өнөр жай комплекстеринде түзүү, ал оптималдуукооперациялык байланыштарды өнүктүрүү, өнөр жайды жана улуттукэкономиканын башка тармактарын өнүктүрүүнүн өтө келечектүү тармактарындаилимий-техникалык прогрессти тездетүү үчүн өбөлгөлөрдү түзөт; 4. Тараптардын ишканаларынын ортосунда өндүрүштүк кооперацияны жанатүз байланыштарды өнүктүрүу, сырье ресурстарын, экспортко багытталган жанаимпортту алмаштыруучу өндүрүштөрдү натыйжалуу комплекстүү пайдалануубоюнча иштиктүү чара көрүүнү. Бул Программаны жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында Тараптартөмөнкүлөрдү биргелешип жүзөгө ашырышат: - кызыкдар министрликтерди жана ведомстволорду, ишканаларды жанауюмдарды, ошондой эле ишкердик структураларды Программанын тиешелүүкомпоненттерине катышууга тартууну; - негизги кыргыз жана өзбек банктарынан, инвестициялык фонддорунанжана компанияларынан, камсыздандыруу уюмдарынан жана ошондой эле жекеинвесторлорунан эки мамлекеттин баалуу кагаз рынокторун өнүктүрүү үчүнинституттук инвесторлорду тартууга көмөк түзүүчү туруктуу инвестициялыкфорумдарды жана жолугушууларды өткөрүүнү; III. Соода мамилелерин јніктіріі Тараптардын ортосундагы соода кызматташууларын өнүктүрүү бара-барасоода-техникалык тоскоолдуктарды четтетүү менен аракеттенип жаткан эркинсооданын колдонулуп жаткан чегинде жүзөгө ашырылат. Программада бажы мыйзамдарын шайкеш келтирүү, тарифтик жана тарифтикэмес жөнгө салууну өркүндөтүү, бажы жол жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондойэле жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү эл аралык ташууда чегаралардан өтүү жолжоболорун жөнөкөйлөтүү каралган. Ушуга байланыштуу эки тараптуу негизболуучу иш кагаздардын негизинде бажылык, укук коргоо, чегаралык жанабашка органдардын ырааттуу өз ара аракеттенүүсү тартипке салынат. Мамлекеттер ортосундагы соода мамилелерин уюштуруу жана ишке ашыруукеректүү статистикалык маалыматтарды активдүү алмашууну болжолдойт.Статистикалык басылмаларды жана жарыялоолорду, усулдук материалдарды жанаиштеп чыгууларды, программаларды жана ошондой эле статистикалык байкоожүргүзүү тажрыйбасын, кат алышууну, текшерүүлөрдү, тышкы сооданынстатистикасын түзүүчү принциптерди макулдашууну карайт. Программада соода инфраструктураларын (биргелешкен ишканаларды, соодаүйлөрүн, өкүлчүлүктөрдү ж.б.) уюштуруу боюнча кызматташууну кењейтүүкаралат, бул товарлардын Тараптардын рынокторундагы жүгүртүлүүсүнө көмөккөрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Эки мамлекеттин административдик-аймактык бирдиктеринин ортосундагыкызматташтык андан ары өнүгүшү зарыл, анын негизги багыты катары тышкыэкономикалык ишмердүүлүктүн кызыкдар субьекттеринин ортосундагы тышкысоодалык байланыштарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү эсептелет. Соода кызматташтыгын өнүктүрүүнүн чектеринде тараптардын эл аралыкуюмдар менен өз ара аркеттенүү маселелери боюнча кењеш берүүлөрдү жүргүзүүболжолдонот. V. Социалдык чјйрјдј кызматташуу Программаны ишке ашыруу мезгилинде маданият, искусство, спорт,саламаттык сактоо, санаториялык-курорттук иш, туризм жана эмгекти коргоотармактарында, гуманитардык кызматташуу, маалыматтык-маданий борборлормекемелеринин жана санитардык-эпидемиологиялык жагдайды жакшыртуутармагында, ошондой эле элге билим берүү, ар кандай тармактар үчүн жогоркуквалификациядагы кадрларды даярдоо жана адистерди жиберишүү чөйрөсүндө өзара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө күч-аракеттерди координациялоожүргүзүлөт. Программада социалдык коргоо жана калктын жумуштуулук проблемаларынчечүүдө укук базасынын андан ары өнүгүшүн өнүктүрүү каралат. V. Курчап турган чјйрј жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу тармагындагы кызматташуу Программаны ишке ашырууда жаратылышты коргоо мыйзамдарын шайкешкелтирүү, чектеш аймактарда пландаштырылган ишмердүүлүктүн таасиринебиргелешкен баалоону жүргүзүү, ресурстарды сактоочу экологиялык тазатехнологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, курчап турган чөйрөнүнабалына биригелешкен мониторингди ишке ашыруу тармагындагы кызматташтыкандан ары өнүгүүгө ээ болот. VI. Программаны ишке ашырууну башкаруу Программаны ишке ашыруу ушул Программада жана ушул Программанынажырагыс бөлүгү болуп эсептелген иш-чаралар планында каралган накта иш-аракеттер Тараптардын мамлекеттик органдарынын жана субьекттерининаткаруусу аркылуу жүзөгө ашырылат. Ушул Программанын жана Иш-чаралардын планынын аткарылышына контролдукжүргүзүү Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагыэки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиягажүктөлөт.