Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 21-октябрындагы №609-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ «Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин объекттеринреставрациялоо жана куруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-мартындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2006-жылдын 28-мартындагы № 205 токтомуна ылайык, ошондой эле КыргызРеспубликасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин натыйжалуу иштеши үчүн талапкылынган шарттарды камсыз кылуу максатында: 1. Төмөнкүлөр бекитилсин: - тендерди өткөрүүнүн шарттары; - тендерди өткөрүү боюнча комиссиянын курамы. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыздипсервис»мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын директору Суванов ЭркинАбылкасымовичке Кыргыз Маданий Борборунун курулушу жана Кыргыз РеспубликасынынРоссия Федерациясындагы Элчилигинин объекттерин оњдоо, реставрациялоо жана куруубоюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга тендердин жењүүчүсү мененинвестициялык контрактка кол коюуга ыйгарым укук берилсин. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкыиштер министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31 -октябрындагы № 609-б буйругу менен бекитилген Москва шаарында Кыргыз Маданий Борборунун имаратын жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин объекттерин куруу боюнча тендерди өткөрүүнүн шарттары Москва шаарынын Борбордук-администрациялык округунун аймагында инвестициялыкдолбоорлорду алып баруу жана ишке ашыруу тажрыйбасы бар; инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча башкаруучукомпания катары иш Тажрыйбасы бар; куруучу жана/же заказчы Катары 4 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар; Москва шаарынын тарыхый борборунда имараттарды жана курулмалардыреконструкциялоо, калыбына келтирүү тажрыйбасы бар; татаалдыктын 1 жана 2-дењгээлиндеги имараттарды жана курулмалардыдолбоорлоого жана курууга тиешелүү лицензиясы бар; аталган долбоорду каржылоого мүмкүнчүлүгүн тастыктаган өздүк каражаттарыжана/же банктык кепилдиктери бар; кеминде 10 ишке ашырылган долбоору бар. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31 -октябрындагы № 609-6 буйругу менен бекитилген Москва шаарында Кыргыз Маданий Борборунун имаратын куруу жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин объекттерин оњдоо, реставрациялоо жана куруу үчүн инвесторлорду тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамы Кыдыров Т.Т. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс- катчысы, комиссиянын төрагасы, Жумагулов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Толук укуктуу Элчиси, Сарыбаев А.М. - Кыргыз Республикасынын маданият министринин орун басары, Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары, Попов СВ. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты, (макулдашуу боюнча), Жапаров С.Н. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты, (макулдашуу боюнча), Айтбаев А.К. - Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча), Даникеев У.Ө. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча), Кенешов Т.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директорүнун орун басары, Макаров А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Суванов А.М. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын директору, Баженов С.П. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Кайназаров Р.Д. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти, Темиров Т.К. - «Эркин тоо» гезитинин башкы редакторунун орун басары (макулдашуу боюнча), Кадыркулов Б.А. - «Кыргыздипсервис» мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын Россия Федерациясынын Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун милдетин аткаруучу, комиссиянын катчысы, Байсалов Э.Ж. - «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти (макулдашуу боюнча), Акматжанова А.А. - «Будущее без коррупции – Трансперенси Интернешинл Кыргызстан» коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча), Абдуллаев Ж.С. - «Замандаш» кыргыз диаспораларынын Ассоциациясынын Россия жана Казакстандагы төрагасы (макулдашуу боюнча), Никсдорф А.В. - «Редакция «Российской газеты» Федералдык Мамлекеттик мекемесинин Борбордук-Азиялык өкүлчүлүгүнүн директору (макулдашуу боюнча), Виноградов В.В. - «Слово Кыргызстана» гезитинин кабарчысы (макулдашуу боюнча).