Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2006-жылдын 20-ноябры №644-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН БУЙРУГУ Айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү тармагындарегиондук кызматташуу үчүн институттук негизди күчтөндүрүүмаксатында: 1. Борбордук Азияда туруктуу өнүгүү үчүн айлана-чөйрөнүкоргоо жөнүндө Алкактык конвенциянын тиркелген долбооружактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчаптурган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттикагенттиктин директору А.А.Давлеткельдиевге көрсөтүлгөнАлкактык конвенцияга принциптүү эмес мүнөздөгү оњдоолордужана толуктоолорду киргизүү укугу менен КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укукберилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Реслубликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20 -ноябрындагы №644-б буйругу менен бекитилген Борбордук Азияда туруктуу өнүгүү үчүн айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө алкактык конвенция Мындан ары Тараптар деп аталуучу Борбордук Азиямамлекеттери:Казакстан РеспубликасыКыргыз РеспубликасыТажикстан РеспубликасыТүркмөнстанӨзбекстан Республикасы, айлана-чөйрөгө жана Борбордук Азияда туруктуу өнүгүүгөкарата болуп жаткан опурталдарды сезишип, Борбордук Азиянын уникалдуу жаратылышын сактоо жанауруктуу пайдалануу ишинде кызматташууга толук чечкиндүүлүкменен, Учурдагы жана келечек муундардын кызыкчылыгы үчүнБорбордук Азия мамлекеттеринин туруктуу өнүгүшү үчүн айлана-чөйрөнү коргоону эске алуу менен экономикалык жана социалдыкөнүгүүгө көмөк көрсөтүүнү каалашып, Адамдардын негизги керектөөлөрүн канааттандыруу,жашоонун сапатын жакшыртуу жана коопсуз келекчекти камсыздооүчүн экологиялык саясатты жана айлана-чөйрөнү коргоотармагындагы мыйзамдарды интеграциялоонун маанисин моюнгаалышып. Айлана-чөйрөнү коргоо жана Борбордук Азиянынжаратылыштык ресурстарын туруктуу пайдалануу тармагындарегиондук кызматташууну мыйзамдык жөнгө салууну өнүктүрүүнүнмаанисин баса белгилешип. Туруктуу өнүгүү үчүн Борбордук Азия өлкөлөрүнүнортосунда айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыштыкресурстарды сарамжалдуу пайдалануу тармагында мурдатан баркелишимдерди андан ары өнүктүрүүгө умтулушуп. Төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Терминдердин пайдаланылышы Бул Конвенциянын максаты үчүн: "Борбордук Азия" - Казакстан Республикасынын, КыргызРеспубликасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркменстандынжана Өзбекстан Республикасынын мамлекеттеринен тургангеографиялык регионду билдирет. "Биологиялык түрлөр" бардык булактардагы тирүүорганизмдердин варианттарын, анын ичинде алардын бөлүгүболгон кургактагы, дењиздеги жана башка суулардагыэкосистемаларды жана экологиялык комплекстерди билдирет; бултүшүнүккө түрдүн ичиндеги, түрлөрдүн ортосундагы артүрдүүлүк жана экосистемалардагы ар түрдүүлүк кирет. "Жерлердин бузулушу" кайрак жана сугат айдоо жерлердин,токойлордун, токойлуу участоктордун кургакчыл, жарымкургакчыл жана кургак субгумид райондордо жер пайдалануунунже бир же бир нече процесстин, анын ичинде адамдынишмердигине жана тјмөнкүдөй жайгашуу структураларыныннатыйжасында биологиялык же экономикалык күрдүүлүгүнүназайышын же жоголушун билдирет. Жайгашуу структуралары: i) кыртыштын шамалдан же суудан эрозиясы; ii) кыртыштын физикалык, химиялык жана биологиялык жеэкономикалык касиеттеринин начарлашы; жана iii) табигый өсүмдүктөр катмарынын узак мөөнөткөжоголушу. "Булгануу" адамдын айлана-чөйрөгө адамдын ден соолугуна,жандуу ресурстарга, экомистемаларга жана материалдыкбаалуулуктарга кесепетин тийгизүүчү заттарды же энергиянытүз же кыйыр чыгаруусун, ошондой эле ландшафттынбаалуулугуна зыян келтирүүнү же айлана-чөйрөнү пайдалануунунбашка мыйзамдуу түрлөрүнө тоскоол кылууну билдирет. "Туруктуу пайдалануу" жаратылыштык ресурстарды жанаайлана-чөйрөнүњ башка компоненттерин алар узак мөөнөткөжакырланбагыдай ургаалдуулукта пайдаланууну жана аны мененайлана-чөйрөнүн азыркы жана келечек муундардын керектөөлөрүнжана мүдјөлөрүн камсыздоого жарактуулугун сактоону билдирет. 2-статья. Колдонуу чјйрјсү 1. Бул Конвенция төмөнкүдөй чөйрөлөрдө колдонулат: а) Макулдашуучу Тараптардын улуттук юрисдикциясынынчегиндеги бардык аймактарга карата, Арал дењизининбассейнинин аймагына орчундуу маани берүү менен; жана b) бардык Макулдашуучу Тараптардын јз юрисдикциясынынчегинде жүргүзүүчү ишмердигинин бардык түрлөрүнө. 2. Бул Конвенцияга карата ар бир протоколду колдонуучөйрөсү тийиштүү протокол менен таризделет. 3-статья. Максат Бул Конвенциянын максаты - Борбордук Азияда туруктууөнүгүү үчүн айлана-чейрөнү натыйжалуу коргоону камсыздоону,анын ичинде экологиялык абалды жакшыртууну, жаратылыштыкресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну, ошондой элеМакулдашуучу Тараптардын экологиялык саясаттарын жанааракеттерин шайкеш келтирүү жана координациялоо жолу менен,өз ара укуктарды жана милдеттерди белгилөө аркылуу айлана-чөйрөгө трансчегаралык зыянды азайтууну жана болтурбоонукөздөйт. 4-статья. Принциптер Бул Конвенциянын максатына жетүү жана анын жоболорунишке ашыруу үчүн Макулдашуучу Тараптар Бириккен улуттарУюмунун Уставына жана эл аралык укуктун принциптерине ылайыктөмөнкүдөй принциптерге таянышат, атап айтканда алар: 1. Мамлекеттер өздјрүнүн ресурстарын өздөрүнүн айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы саясаттарына жараша иштепчыгууга эгемендүү укукка ээ жана улуттук юрисдикциянынчегиндеги иштери башка мамлекеттердин айлана-чөйрөлөрүнөзыян келтирбешин камсыздоо үчүн жоопкерчиликти алышат. 2. Айлана-чөйрөнү коргоо туруктуу өнүгүүгө жетишүүпроцессинин ажыратылгыс бөлүгүн түзөт жана андан ажыратылыпкаралышы мүмкүн эмес. 3. Айлана-чөйрөнү коргоого айлана-чөйрөгө келтирилгензыяндардын ордун толтурууга караганда андай зыян келишинболтурбоо жолу менен жакшы жетишилет. 4. Олуттуу же болбой койбос зыян келүү коркунучу баручурларда илимий жактан толук ишенимдүүлүктүн жоктугу айлана-чөйрөнүн абалы начарлашын алдын алуу боюнча чараларгакетүүчү чыгымдардын айынан натыйжалуу чара көрүүнү кийинкигекалтырууга себеп боло албайт. 5. Жаратылыштык ресурстар жана айлана-чөйрјнүн башкакомпоненттери азыркы жана келечек муундардын керектјөлөрүнжана мүдөөлјрүн канааттандыруу үчүн кыйла сарамжалдуу түрдөпайдаланылат. 6. Трансчегаралык зыян жана башка зыяндуу натыйжаларМакулдашуучу Тараптардын эки же көп тараптуу негизде жанарегиондук уюмдардын алкагында кызматташуу жолу менентөмөнкүдөй токтотулат же азайтылат: а) тийиштүү ишмердиктин айлана-чөйрјгө таасирине бааберүү; b) зыяндуу таасирге дуушарлануучу МакулдашуучуТараптарга алдын ала, өз убагында жана тийиштүү маалыматменен коштолгон кабарлоо жана андай Макулдашуучу Тараптарменен ыктыярдуулук маанайда консультация алышуу; с) жаратылышты пайдалануу практикасына "булгоочу төлөйт"жана "жаратылышты пайдалануучу төлөйт" принцибин киргизүү,ага ылайык булгоочу айлана-чөйрөгј терс таасирди болтурбоо,контролдоо жана азайтуу боюнча чыгымдарды көтјрөт. 5-статья. Жалпы милдеттенмелер Макулдашуучу Тараптар ушул Конвенциянын максаттарынажетүү жана анын жоболорун ишке ашыруу боюнча аракеттеринде: 1. глобалдык жана региондук өнөктүк маанайындакызматташат; 2. тийиштүү улуттук чараларды көрүшөт жана аракеттерди жасашат; 3. айлана-чөйрөнүн кызыкчылыктарын экономикалык жанасоциалдык өнүктүрүү стратегияларына, пландарына жанапрограммаларына интеграциялашат; 4. трансчегаралык жаратылыштык ресурстарды адилет жаначеги менен пайдаланышат; 5. бул Конвенцияны ишке ашыруу үчүн кошумча чараларды,процедураларды жана стандарттарды белгилеген ушулКонвенцияга карата протоколдорду иштеп чыгууда кызматташат; 6. Арал дењизинин бассейнинде, айрыкча Арал боюндаэкологиялык абалды жакшыртуу боюнча тийиштүү чаралардыкөрүшөт жана ишке ашырышат. 6-статья. Айлана-чјйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү 1. Макулдашуучу Тараптар өз иш-аракеттериндежаратылыштык ресурстарды башкаруу улуттук жана региондукөнүктүрүү программаларынын жана пландарынын ажырагыс бөлүгүкатары караларын жетекчиликке алышат, аларды иштеп чыгуудаэкологиялык, ошондой эле социалдык жана маданий факторлоргоөзгөчө көњүл буруу зарыл. 2. Макулдашуучу Тараптар бул максатта: а) өнүктүрүү боюнча ишмердик жана долбоорлор акыл-эстүүжаратылышты коргоо саясатына негизделиши жана жаратылыштыкресурстарга жана жалпы эле айлана-чөйрөгө терс таасирэтпешин камсыздоо үчүн болушунча бардык керектүү чаралардыкөрүшөт; b) жаратылыштык ресурстарга жана жалпы эле айлана-чөйрөгө терс таасир этиши мүмкүн болгон ар кандай пландарга,стратегияларга, долбоорлорго жана ишмердикке алгачкыстадиясында тийиштүү баа берилишин жана аларга такайэкологиялык мониторинг жана аудит жүргүзүлүп турушункамсыздашат. 7-статья. Мониторинг жана баа берүү 1. Макулдашуучу Тараптар айлана-чјйрөнүн абалынынмонторингдөөнүн негизги параметрлеринин жанаиндикаторлорунун региондук механизмдерин түзүүдөкызматташат, 2. Ар бир Макулдашуучу Тарап пландаштырылып жаткан,айлана-чөйрөгө улуттук же трансчегаралык дењгээлде терстаасир этиши мүмкүн болгон иштерди баалоо процедураларынкиргизүү жана колдонуу үчүн бардык керектүү чаралардыкөрүшөт. 3. Ар бир Макулдашуучу Тарап айлана-чөйрөгөтрансчегаралык жагдайдан таасир этүүгј баа берүүнүннатыйжаларын башка Макулдашуучу Тараптарга таратуу үчүнбардык тийиштүү чараларды көрүшөт. 4. Макулдашуучу Тараптар айлана-чөйрөгө трансчегаралыкжагдайдан таасир этүүгј баа берүүнүн эрежелерин жанапроцедураларын аныктоочу ушул Конвенцияга карата Протоколдуиштеп чыгууда кызматташат. 8-статья. Атмосфералык абаны коргоо 1. Макулдашуучу Тараптар кызматташуунун тийиштүүрегиондук долбоорлорун жана башка эки тараптуу жана көптараптуу схемаларын жана механизмдерин ылайыгына жарашапайдаланышып абанын, анын ичинде абанын трансчегаралыкбулганышын чектөө, бара-бара азайтуу жана болтурбоо үчүнбардык чараларды көрүшөт. 2. Макулдашуучу Тараптар ушул Конвенцияга карата ушулстатьянын 1-пунктунда айтылган милдеттенмелерди ишке ашырууүчүн эрежелерди жана процедураларды белгилөөчү Протоколдуиштеп чыгууда кызматташат. 3. Андай эрежелер жана процедуралар тактап айткандатјмөнкүлөргө тиешелүү болушу мүмкүн: а) атмосфералык абанын абалын жана аны булгоо булактарынмониторингдөөнүн улуттук структураларын өркүндөтүүгө; b) атмосфералык абаны трансчегаралык булгоо боюнчамаалымат алмашуунун региондук механизмин түзүүгө; с) атмосфералык абаны булгоочуларды идентификациялоогожана приоритеттештирүүгө жана алардын чыгарылышын азайтуунунмөөнөттөрүн макулдашууга; d) атмосфералык абанын булганышынын индикаторлорунунрегиондук системасын иштеп чыгууга жана киргизүүгө. 9-статья. Сууларды коргоо жана суу ресурстарды туруктуупайдалануу 1. Макулдашуучу Тараптар кызматташуунун тийиштүүрегиондук долбоорлорун жана башка эки тараптуу жана көптараптуу схемаларын жана механизмдерин ылайыгана жарашапайдаланышып сууларды коруу жана алардын булганышын жана сууресурстардын жакырланышын болтурбоо, ошондой эле алардытуруктуу пайдалануу боюнча бардык зарыл чараларды көрүшөт. 2. Макулдашуучу Тараптар ушул Конвенцияга карата ушулстатьянын 1-пунктунда айтылган милдеттенмелерди ишке ашырууүчүн эрежелерди жана процедураларды белгилөөчү Протоколдуиштеп чыгууда кызматташат. 3. Андай эрежелер жана процедуралар тактап айткандатөмөнкүлөргө тиешелүү болушу мүмкүн: а) суулардын сапатын жана аны булгоо булактарынмониторингдөјнүн улуттук структураларын өркүндјтүүгө; b) трансчегаралык агын сууларда суунун сапатынмониторингдөөнүн региондук системасын түзүүгј; с) сууну булгоочуларды идентификациялоого жанаприоритеттештирүүгө жана алардын чыгарылышын азайтуунунмөөнөттөрүн макулдашууга; d) сапатуу ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча биргелешкенаракеттерге; е) булганууну болтурбоого жана Макулдашуучу Тараптардынсуунун ылдый жагындагы аймактарына зыян келтирбегидейдаражага чейин азайтуу боюнча чара көрүүгө жана иштерге; f) трансчегаралык агын суулардын суу ресурстарынтуруктуу иайдалануу жана коргоо жагындагы биргелешкенкызматташууга. 10-статья. Жер ресурстарды коргоо жана сарамжалдуупайдалануу 1. Макулдашуучу Тараптар кызматташуунун тийиштүүрегиондук долбоорлорун жана башка эки тараптуу жана көптараптуу схемаларын жана механизмдерин ылайыгына жарашапайдаланышып жерлердин бузулушун, анын ичинде чөлгөайланышын болтурбоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүшөт. 2. Макулдашуучу Тараптар ушул Конвенцияга карата ушулстатьянын 1-пунктунда айтылган милдеттенмелерди ишке ашырууүчүн эрежелерди жана процедураларды белгилөөчү Протоколдуиштеп чыгууда кызматташат. 3. Андай эрежелер жана процедуралар тактап айткандатјмөнкүлөргө тиешелүү болушу мүмкүн: а) жерлердин бузулуу процесстерин мониторингдјөнүнулуттук структураларын өркүндјтүүгө; b) жерлердин бузулуу процесстерин мониторингдөөнүнрегиондук системасын түзүүгө жана жерлердин бузулуупроцесстери жөнүндө маалымат алмашуу механизмин өнүктүрүүгө; с) жерлердин бузулушуна каршы күрөшүү боюнча биргелешкенаракеттерге; б) туруктуу жер иштетүү жана токой чарба жүргүзүү боюнчабиргелешкен аракеттерге; е) кургакчыл зоналарда туруктуу мал чарбачылык жүргүзүүжана жайыттарды башкаруу боюнча биргелешке иш-аракеттерге. 11-статья. Калдыктарды башкаруу 1. Макулдашуучу Тараптар кызматташуунун тийиштүүрегиондук долбоорлорун жана башка эки тараптуу жана көптараптуу схемаларын жана механизмдерин ылайыгына жарашапайдаланышып, опурталдуу калдыктар менен булганууга өзгөчөкөњүл буруу менен өнөр жайлык жана тиричиликтикташтандылардан булганууну чектөө, бара-бара азайтуу жанаболтурбоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүшөт. 2. Макулдашуучу Тараптар ушул Конвенцияга карата ушулстатьянын 1-пунктунда айтылган милдеттенмелерди ишке ашырууүчүн эрежелерди жана процедураларды белгилөөчү Протоколдуиштеп чыгууда кызматташат. 3. Андай эрежелер жана процедуралар тактап айткандатөмөнкүлөргө тиешелүү болушу мүмкүн: а) калдыктарды топтоочу жана жок кылуучу жерлердинулуттук реестрлерин өркүндөтүүгө; b) потенциалдуу трансчегаралык таасири бар калдыктардытоптоочу жана жок кылуучу жерлердин улуттук реестрлеринтүзүүгө жана жүргүзүүгө; с) таза өндүрүштөрдүн жана технологиялардынборборлорунун региондук тармактарын түзүүгө; d) кендерди иштетүүдөн жана сыноочу полигондордонрадиациялык булгануу трансчегаралык тарашын болтурбоо боюнчачараларды көрүүгө жана иштерди аткарууга. 12-статья. Тоо экосистемаларын сактоо 1. Макулдашуучу Тараптар кызматташуунун тийиштүүрегиондук долбоорлорун жана башка эки тараптуу жана көптараптуу схемаларын жана механизмдерин ылайыгына жарашапайдаланышып, тоо системалардын бузулушун болтурбоо боюнчабардык зарыл чараларды көрүшөт. 2. Макулдашуучу Тараптар ушул Конвенцияга карата ушулстатьянын 1-пунктунда айтылган милдеттенмелерди ишке ашырууүчүн эрежелерди жана процедураларды белгилјөчү Протоколдуиштеп чыгууда кызматташат. 3. Андай эрежелер жана процедуралар тактап айткандатјмөнкүлөргө тиешелүү болушу мүмкүн: а) тоолуу райондордун јзгөчө шарттарына ыњгайлаштырылгантуруктуу өнүктүрүү механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүүбоюнча биргелешкен чараларга; b) бузулган тоолуу экосистемаларды калыбына келтирүүбоюнча биргелешкен чараларга; с) тоолуу экосистемаларды туруктуу өнүктүрүү боюнчанатыйжалуу региондук структураларды түзүүгө; d) карлардын жана мөњгүлөрдүн булганышын жана азайышынболтурбоо боюнча биргелешкен чараларды көрүүгө. 13-статья. Биологиялык түрлөрдү сактоо 1. Макулдашуучу Тараптар кызматташуунун тийиштүүрегиондук долбоорлорун жана башка эки тараптуу жана көптараптуу схемаларын жана механизмдерин ылайыгына жарашапайдаланышып, биологиялык түрлөрдү сактоо жана анынкомпоненттерин туруктуу пайдалануу боюнча бардык зарылчараларды көрүшөт. 2. Макулдашуучу Тараптар ушул Конвенцияга карата ушулстатьянын 1-пунктунда айтылган милдеттенмелерди ишке ашырууүчүн эрежелерди жана процедураларды белгилөөчү Протоколдуиштеп чыгууда кызматташат. 3. Андай эрежелер жана процедуралар тактап айткандатөмөнкүлөргө тиешелүү болушу мүмкүн: а) биологиялык түрлөрдү сактоо жана туруктуу пайдаланууүчүн орчундуу мааниси бар биологиялык түрлөрдүнкомпоненттерин индентификаицялоонун жана мониторингдөөнүнулуттук системаларын өркүндөтүүгө; b) биологиялык түрлөрдүн проблемалары боюнча региондукэкологиялык тармакты түзүүгө; с) in-situ жана ex-situ биологиялык түрлјрдү сактообоюнча биргелешкен чараларга. 14-статья. Өзгөчө кырдаалдарда кызматташуу 1. Макулдашуучу Тараптар кызматташуунун тийиштүүрегиондук долбоорлорун жана башка эки тараптуу жана көптараптуу схемаларын жана механизмдерин ылайыгына жарашапайдаланышып, техногендик жана табигый мүнөздөгу өзгөчөкырдаалдарга, андай өзгөчө кырдаалдарды жоюуга жанакесепеттерин азайтууга карата даярдыктын улуттук жанарегиондук стратегияларын иштеп чыгуу үчүн бардык зарылчараларды көрүшөт. 2. Макулдашуучу Тараптар ушул Конвенцияга карата ушулстатьянын 1-пунктунда айтылган милдеттенмелерди ишке ашырууүчүн эрежелерди жана процедураларды белгилөөчү Протоколдуиштеп чыгууда кызматташат. 3. Макулдашуучу Тараптар өзгөчө кырдалдардын чыгышынаалып келиши мүмкүн болгон антропогендик жана табигыйпроцесстер жөнүндө маалыматтарды берүүдө жана мониторингжүргүзүүдө кызматташат. 15-статья. Улуттук органдар Ар бир Макулдашуучу Тарап улуттук органды дайындайт жанаага анын атынан ушул Конвенцияга тиешелүү бардык маселелербоюнча аракеттерди жасоо үчүн зарыл укуктарды берет. 16-статья. Илимий жана техникалык кызматташтык 1. Макулдашуучу Тараптар бири бири жана үчүнчү тараптарменен айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты туруктуупайдалануу тармагында илимий жана технологиялык изилдөјлөрдүжүргүзүүдөгү потенциалды чыњдоо боюнча кызматташып, тийиштүүэкологиялык жана социалдык-экономикалык факторлорду эскеалуу менен таза технологияларды жана өндүрүштөрдү иштепчыгууга жана киргизүүгө өзгөчө көњүл бурушат. 2. Макулдашуучу Тараптар изилдөөлөрдүн натыйжаларыналмашууну жана аларды айлана-чјйрөнү коргоо тармагындагыстратегияларды, пландарды жана программаларды иштеп чыгуудажана аткарууда колдонууну колдошот. 3. Макулдашуучу Тараптар региондук илимий жанатехникалык кызматташтыктын институттук негизи катарырегиондук илимий жана технологиялык борборлорду, анын ичиндетажрыйба алмашуу жана экологиялык билим берүү программаларынтүзүүгө жана өркүндөтүүгө умтулушат. 17-статья. Маалымат алмашуу жана маалыматкажеткиликтүүлүк 1. Макулдашуучу Тараптар ушул Конвенцияны аткаруу боюнчамаалыматтарды жана тажрыйбаларды тике жана Секретариатаркылуу такай алмашып турушат. 2. Макулдашуучу Тараптар өздјрүнүн улуттук мыйзамдарынаылайык жана коомчулуктун айлана-чөйрө боюнча маалыматкажеткиликтүүлүгүнө тиешелүү эл аралык келишимдердин жоболорунэске алуу менен Борбордук Азиядагы айлана-чөйрөнүн абалыжјнүндө маалыматка коомчулуктун жеткиликтүүлүгүн камсыздоогоумтулушат. 18-статья. Коомчулуктун катышуусу Тараптардын конференциясы жарандык коомду ушулКовенциянын аткарылышына тартуу, анын ичинде коомдукуюмдарды аккредитациялоо системасын киргизүү жолу менентартуу үчүн эрежелерди жана процедураларды иштеп чыгат. 19-статья. Ишке ашыруу жана байкоо 1. Ар бир Макулдашуучу Тарап бул конвенцияны натыйжалууишке ашыруу үчүн өзүнүн улуттук инфраструктурасын түзүүгөжана чыњдоого керек болуучу чараларды көрүшөт бул чараларгаулуттук мыйзамдарды өзгөртүү же кабыл алуу кириши мүмкүн. 2. Макулдашуучу Тараптар ушул Конвенцияны ишке ашыруугабайланыштуу маселелер боюнча эл аралык уюмдар, финансылыкинституттар жана донорлор менен кызматташа алышат. 3. Тараптардын конференциясы бул конвенциянын жоболорунсактоону колдоо үчүн эрежелерди жана процедураларды кабылалышат, мында сактабоо негиздүү болгон учурларда жардамкөрсөтүүнү кошо камтуу менен ишке ашырууга жана сактоогожардам көрсөтүү зарылдыгы көњүлгө алынат. 4. Бул Конвенцияда эч бир нерсе МакулдашуучуТараптардын айлана-чөйрөнү коргоодо колдонуучу тийиштүүчаралары ушул Конвенциянын жободоруна жана эл аралык укуккаылайык келген шартта ушул Конвенцияда көрсөтүлгөндөнкатуураак чараларды көрүүгө укуктарын чектөө катарычечмеленүүгө тийиш эмес. 20-статья. Докладдар Ар бир улуттук орган Секретариатка ушул Конвенциянынжоболорун ишке ашыруу үчүн көрүлгөн чаралар жөнүндөдокладдарды жана ага протоколдорду тапшырат. Андайдокладдарды берүүнүн форматын жана мезгилдүүлүгүнСекретариат аныктайт. Секретариат алынган докладдарды бардыкМакулдашуучу Тараптарга таратат. 21-статья. Финансылык ресурстар жана механизм 1. Ар бир Макулдашуучу Тарап бул Конвенцияны ишкеашырууга жетиштүү финансылык ресурстарды камсыздоо үчүнбардык чараларды кјрөт. 2. Бул Конвенция үчүн финансылык ресурстар МакулдашуучуТараптардын взносторунан, ошондой эле эл аралык уюмдардан,финансылык институттардан жана донорлордон алынганкаражаттардан турат. 3. Макулдашуучу Тараптардын взностору ТараптардынКонференциясы өзүнүн биринчи кењешмесинде жактырган взностукшкалага ылайык келет. Тараптардын Конференциясы взносторшкаласын зарылдыгына жараша кайра карашы мүмкүн. 4. Тараптардын Конференциясы ушул статьянын 1-3-пункттарында айтылган финансылык ресурстарды топтоо,башкаруу жана сарптоо үчүн ушул Конвенциянын функцияларынаткаруу үчүн финансылык институтту дайындай алат. 22-статья. Башка эл аралык макулдашуулар менен байланыш 1. Бул Конвенциянын жоболору Макулдашуучу Тараптардыналар катышкан башка эл аралык макулдашуулардан келип чыгуучуукуктарына кана милдеттерине тиешеси болбойт. 2. Бул Конвенцияны Макулдашуучу Тараптардын ушулКонвенциянынын предмети болгон жана анын максаттарына жанапринциптерине каршы келбеген башка эл аралык келишимдердитүзүү укуктарын чектебейт. 23-статья. Тараптардын Конференциясы 1. Муну менен Тараптардын Конференциясы түзүлөт. 2. Тараптардын конференциясы бир добушка ээ ар бирМакулдашуучу Тараптын бир јкүлүнөн турат. 3. Тараптардын Конференциясынын биринчи жыйыны ушулКонвенцияны күчүнө кирген күндөн кийин он эки айданкечиктирбестен чакырылат. Кийин Тараптардын кезектегикењешмелери Тараптардын конференциясы өзүнүн биринчижыйынында белгилеген мезгилдүүлүк менен такай өткөрүлүптурат. 4. Тараптардын Конференциясынын кезексиз жыйындарыКонференция аны зарыл деп эсептегенде же кайсы болбосунМакулдашуучу Тараптын жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча, алөтүнүчтү калган экиден кем эмес Макулдашуучу Тарап колдогонучурда чакырылат. 5. Тараптардын Конференциясынын кењешмелери англисалфавитинин кезеги боюнча Макулдашуучу Тараптардынаймактарында же Секретариат жайгашкан жерде өткөрүлөт. 6. Тараптардын Конференциясынын Төрагасынын кызматын арбир Макулдашуучу Тарап англис алфавитинин тартиби боюнчакезек менен аткарат. Эгер Төраганын орду бошосо,Конференцияда төрагалык кылып жаткан Макулдашуучу Тарапмындай Макулдашуучу Тараптын ыйгарым укугунун мөөнөтүбүткөнгө чейин ошол кызматта калуучу улантуучуну дайындайт. 7. Тараптардын Конференциясынын жумушчу тили англис жанаорус тилдери болот. 8. Тараптардын Конференциясынын бардык чечимдери бирдобуштан кабыл алынат. 9. Тараптардын Конференциясынын өзүнүн биринчисессиясында төмөнкүлөр боюнча чечимдерди кабыл алат, алар: а) Конференциянын зарыл деп эсептелген башка органдарынтүзүү боюнча; b) ушул Конвенциянынын Секретариатын уюштуруу боюнча, алжайгашуучу жер жана персоналы менен кошо; с) өзүнүн эрежелери, процедуралары, финансылык эрежелерижана кошумча органдары боюнча. 10. Тараптардын Конференциясы кезектеги кењешмесиндекийинки финансылык жылга карата программаны жана бюджеттикабыл алат. 11. Тараптардын Конференциясынын функциясы төмөнкүдөй: а) ушул Конвенцияны жана анын протоколдорун ишке ашыруубоюнча чечимдерди кароо жана кабыл алуу; b) бул Конвенцияга жана анын протоколдоруна каратапротоколдорду же оњдоолорду кароо жана кабыл алуу жана булКонвенцияга жана анын протоколдоруна карата тиркемелердикароо жана кабыл алуу; с) Макулдашуучу Тараптар ушул Конвенцияныњ аткарылышыжөнүндө берген докладдарды кароо, ошондой эле ишке ашыруупроцессинде ар бир Макулдашуучу Тарап жетишкен прогресскежана болгон же болушу ыктымалдуу кыйынчылыктарга сереп салуужана баа берүү; d) Секретариат даярдаган отчетторду кароо; е) региондук кызматташтыктын, ошондой эле ушулКонвенцияныны ишке ашыруу боюнча эл аралык уюмдардын,агенттиктердин, финансылык жана илимий институттардынтийиштүү органдары менен байланыш түзүү жана кызматташуу; f) ушул Конвенцияны жана анын протоколдорун аткарууүчүн керек болуучу көмјкчү органдарды уюштуруу; g) ушул Конвенциянын Аткаруучу Секретарын жана башкакеректүү персоналды дайындоо; h) ушул Конвенциянынын максаттарына жетишүү үчүнкеректелчү башка бардык функцияларды аткаруу. 12. Макулдашуучу Тараптар Тараптардын Конференциясындатуруктуу өнүгүү үчүн айлана-чейрөнү коргоо тармагындакызматташчу эл аралык структуралардын жана институттардын јзара байланышта иштешүү маселесин алардын иштерин өркүндөтүүжагынан такай карашат. 24-статья. Секретариат 1. Муну менен Секретариат түзүлјт. 2. Секретариат Аткаруучу Секретардан жана ушулстатьянын 4-пунктунда көрсөтүлгөн функцияларды аткаруу үчүнкеректүү башка персоналдан турат. 3. Аткаруучу Секретар Секретаиаттын башкы кызмат адамыболот жана Тараптардын Конференциясында аныкталган жана алкабыл алган эрежелерге, процедураларга жана финансылыкэрежелерге ылайык Секретариаттын ишин жетектөө үчүн керектүүмилдеттерди аткарат. 4. Секретариаттын функциялары төмөнкүдөй: а) Тараптардын Конференциясын жана анын көмөкчүуюмдарынын кењешмелерин уюштуруу жана өткөрүү; b) билдирүүлөрдү, докладдарды жана башка келгенмаалыматтарды даярдоо жана Макулдашуучу Тараптарга берүү; с) Макулдашуучу Тараптардын суроолорун жанамаалыматтарын кароо жана алар менен Конвенцияны жана анынпротоколдорун ишке ашырууга байланыштуу маселелер боюнчаконсультация өткөрүү; d) Конвенцияны жана анын протоколдорун ишке ашыруугабайланыштуу маселелер боюнча докладдарды жана отчеттордудаярдоо жана таратуу; е) ушул Конвенцияны жана анын протоколдорун ишкеашырууга тиешелүү улуттук мыйзамдардын жана эл аралыкэрежелердин маалыматтык базасын түзүү жана таратуу; f) кайсы болбосун Макулдашуучу Тараптын суроосу боюнчаушул Конвенцияны жана анын протоколдорун ишке ашыруу үчүнтехникалык жардам кјрсөтүүнү жана консультациялардыуюштуруу; g) ушул Конвенциянын Протоколдорунда белгиленген башкафункцияларды аткаруу; h) Тараптардын Конференциясынын көрсөтмөлөрүнө ылайыкрегиондук кызматташтыктын жана башка тийиштүү региондук жанаэл аралык уюмдардын жана программалардын тийиштүүоргандарынын секретариаттары менен кызматташуу; i) Тараптардын Конференциясы белгилеши мүмкүн болгонбашка функцияларды аткаруу. 25-статья. Талаштарды жайгаруу Макулдашуучу Тараптардын ортосунда ушул Конвенциянынжоболорун колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу талаш чыксакызыкдар тараптар аны консультациядар жана сүйлөшүүлер жолуменен жана башка тынч жолдор менен өз ылайыктарына жарашажайгарышат. 26-статья. Протоколдор 1. Кайсы болбосун Макулдашуучу Тарап ушул Конвенцияныгакарата протоколдорду сунуш кыла алат. 2. Сунуш кылынган кайсы протоколдун болбосун текстиТараптардын Конференциясынын ошол протоколду кабыл алуусунушталган кењешмесин ачылаардан алты ай мурдатан берилет. 3. Протоколдор Тараптардын Конференциясында МакулдашуучуТараптардын бир добуштан чечими менен кабыл алынат. 4. Протоколдор эгер протоколдун өзүндө башкача каралбасааларды бардык Макулдашуучу Тараптар ратификациялагандан,кабыл алгандан же бекиткенден кийин күчүнө кирет.Прoтоколдор ушул Конвенциянын ажырагыс бөлүгүн түзүшөт. 27-статья. Конвенцияга же протоколдорго оњдоолор 1. Кайсы болбосун Макулдашуучу Тарап ушул Конвенциягакарата оњдоолорду сунуштай алат. Протоколго катышуучу болгонбардык Тараптар ал протоколго оњдоолорду сунуш кыла алышат.Андай оњдоолор протоколдо ага оѕдоо киргизүүнүн башкачатартиби каралгандан башка учурларда ТараптардынКонференциясында Макулдашуучу Тараптардын бир добуштанчечими менен кабыл алынат. 2. Бул Конвенцияга же кайсы болбосун протоколго оњдоолорКонвенциянын же тийиштүү протоколдун күчүнө кириши үчүнкаралган процедурага ылайык күчүнө киришет. 28-статья. Тиркемелер жана аларга оњдоолор 1. Бул Конвенцияга же анын кайсы болбосун протоколунатиркемелер ушул Конвенциянын же тийиштүү протоколдунажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана эгер башкача тартипкаралбаса, бул Конвенцияга же анын протоколдоруна шилтемелерошол эле учурда анын кайсы бобосун тиркемесине шилтеме болупэсептелет. 2. Бул Конвенцияга же анын кайсы болбосун протоколунатиркемелер жана тиркемелерге ондоолор ушул Конвенциянын 27-статьясынын 1-пунктунда каралган процедурага ылайыксунушталат жана кабыл алынат. Тиркемелер жана аларгаоњдоолор алар кабыл алынгандан кийин токсонунчу күнү күчүнөкирет. 3. Эгер тиркеме же тиркемеге оѕдоолор ушул Конвенциягаже анын кайсы бир протоколуна оњдоолорду киргизүүгөбайланыштуу болсо, анда мындай тиркеме же оњдоо ушулКонвенцияга же анын тийиштүү протоколуна тийиштүү ондоокүчүнө киргенден кийин гана күчүнө киришет. 29-статья. Кол коюу, ратификациялоо, кабыл алуу, бекитүүжана кошулуу 1. Бул Конвенция 2006-жылдын___________________________баштап 2007-жылдын_________чейин___________________________шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин кол коюушу үчүн ачык. 2. Конвенцияны Борбордук Азия мамлекеттеринде алардынулуттук мыйзамдарына ылайык ратификацияланууга, кабылалынууга же бекитилүүгө тийиш. Ага кол коюу жабылган күндөнбаштап Борбордук Азиянын кайсы мамлекети болсо да кошулушуүчүн ачык болот. 3. Бул Конвенцияны ратификациялоо, кабыл алуу, бекитүүже ага кошулуу жөнүндө документтер Депозитарийге сактоогоберилет. 30-статья. Кошумча шарттар Бул Конвенцияга карата эч кандай кошумча шарттынайтылышына жол берилбейт. 31-статья. Күчүнө кириши Бул Конвенция бардык Борбордук Азия мамлекеттери аныратификациялаганы, кабыл алганы, бекиткени же ага кошулганыжөнүндө документтерин сактоого тапшырышкандан кийинтоксонунчу күнү күчүнө кирет. 32-статья. Депозитарий ушул Конвенциянын Депозитарийи болот. 33-статья. Бирдей кічтөгү тексттер Бул Конвенция Депозитарийге сактоого тапшырылат, анынанглис, казак, кыргыз, орус, тажик, түркмөн жана өзбектилдердеги тексттери бирдей күчкө ээ. Бул Конвенцияны жеанын протоколдорун чечмелөөгө же колдонууга байланыштууталаштар чыкса орус тилиндеги текст пайдаланылат. Муну ырастоо үчүн кол коюуга тийиштүү тартипте ыйгарымукук берилгендер төмөндө ушул Конвенциягакол койдук. ЭКИ МИЊ АЛТЫНЧЫ ЖЫЛДЫН................................АЙЫНЫН................КүНүНДӨ.............................ШААРЫНДАИШКЕ АШЫРЫЛДЫ.