Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 21-ноябры №646-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Беларусь Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмуна кириши боюнча Кыр-гыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы Протоколдунтиркелген долбоору жактырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Беларусь Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмуна кириши боюнча Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы ПРОТОКОЛ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасы менен Бела-русь Республикасы, эркин соода жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен БеларусьРеспубликасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1999-жылдын 30-мартындагы Макул-дашууну жана Евразия экономикалык шериктештигин түзүү жөнүндө 2000-жыл-дын 10-октябрындагы Макулдашууну жетекчиликке алышып, Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосунда экитараптуу мамилелерди динамикалуу өнүктүрүүнүн артыкчылыгына таянышып, жалпы таанылган принциптердин жана эл аралык укуктун нормаларынынбазасында эл аралык соодадагы өздөрүнүн позицияларын бекемдөөгө умтулу-шуп, Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүктөн келип чыгуучу укуктар менен мил-деттенмелерди ишке ашыруу Тараптардын чарба жүргүзүү субъекттерине ка-рата соода шарттарын начарлатпоого тийиш экендигин белгилешип, төмөнкүлөрдү жетекчиликке алууга макулдашты: 1. Тараптар Беларусь Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулу-шуна тиешелүү маселелер боюнча Беларусь Республикасына карата КыргызРеспубликасынын дооматтарынын жоктугун белгилешет. 2. Тараптар Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуунун алкагында алардын экитараптуу сүйлөшүүлөрүнүн аяктагандыгы тууралуу Дүйнөлүк соода уюмунунбашкы директоруна маалымдашат. Кыргыз Республикасы үчүн Беларусь Республикасы үчүн