Редакцияот 13.05.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 13-майы № 87                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ               "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын             Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү                                тууралу    2006-жылдын 4-апрелинде             Кыргыз Республикасынын Жогорку                                       Кењеши тарабынан кабыл алынган      1-статья.      "Качкындар жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењеишнин Ведомосттору,  2002-ж.,  №  5,  203-ст.)төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:     1. 2-статья төмөндөгүдөй мазмундагы түшүнүк менен толукталсын:     "Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам - бул Кыргыз Респуб-ликасынын жараны болуп саналбаган жана:     - Кыргыз  Республикасынын  аймагына келген же келүүнү каалаган четөлкөлүк жарандардын;     - Кыргыз  Республикасынын  аймагына келген же келүүнү каалаган жа-рандыгы жок адамдардын;     - Кыргыз  Республикасынын  аймагында  мыйзамдуу негизде жүргөн четөлкөлүк жарандардын жана (же) жарандыгы жок адамдардын ичинен  1-стать-яда  каралган  жагдайлар боюнча качкын ден табууну каалагандыгы жөнүндөбилдирген адам.".     2. 6-статьянын  биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жашай турганжерин тандап алууга жана" деген сөздөр алынып салынсын.     3. 13-статья:     статья төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:     "Качкын деп  таанылган  адам  жана  аны  менен келген анын үй-бүлөмүчөлөрү:     - жети күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга фамилиясынын, атынын,үй-бүлө курамынын, үй-бүлөлүк абалынын өзгөрүшү жөнүндө, Кыргыз Респуб-ликасынын жарандыгын же башка чет мамлекеттин жарандыгын алгандыгы туу-ралуу же Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоого уруксат  ал-гандыгы жөнүндө кабарлоого;     - Кыргыз Республикасынын аймагында турган жерин өзгөртүүгө же Кыр-гыз  Республикасынын аймагынан сырткары жашай турган жерине кетүүгө ни-еттенгендиги жөнүндө кабарлоого;     - жыл   сайын   ыйгарым   укуктуу   орган   тарабынан  белгиленгенмөөнөттөрдө кайрадан эсептен өтүүгө;     - турган жерин өзгөртүүдө ыйгарым укуктуу органдан эсептен чыгуугажана жањы туруучу жерине келген күндөн тартып жети күндүн ичинде  ыйга-рым  укуктуу органда эсепке турууга Качкын деп таанылган адамды ыйгарымукуктуу органда эсепке тургузуу ал адамды жана анын  үй-бүлө  мүчөлөрүнжањы  турган  жери  боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоого негиз болупсаналат.";     төртүнчү бөлүк бешинчи бөлүк болуп эсептелсин.      2-статья.      Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  өзүнүн  ченемдик укуктук актыларынбир айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.      3-статья.      Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти               К.Бакиев