Редакцияот 21.06.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 21-июну № 177-б                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ      1. Борбордук-Азиялык  региондук экономикалык кызматташтык програм-маларынын  алкагында  (мындан  ары  -  БАРЭК)  Кыргыз   Республикасынантөмөнкүлөр аныкталсын:     - координациялоочу орган  -  Кыргыз  Республикасынын  Экономикалыкөнүктүрүү жана соода министрлиги;     - Соода саясаты боюнча координациялык комитетте улуттук  координа-тор  жана  сектордук  координатор - Кыргыз Республикасынын экономикалыкөнүктүрүү жана соода министринин тышкы соода ишмердиги маселелери боюн-ча орун басары;     - Транспорт боюнча координациялык комитетте сектордук  координатор-  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигининстатс-катчысы;     - Энергетика боюнча координациялык комитетте сектордук координатор- Кыргыз Республикасынын өнөржай,  энергетика жана отун ресурстары  ми-нистринин энергетика маселелери боюнча орун басары;     - Соодага көмөктөшүү боюнча координациялык комитетте сектордук ко-ординатор - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрага-сынын биринчи орун басары.     2. Жогоруда  аталган кызмат адамдарына өз компетенцияларына ылайыкБАРЭК программаларынын алкагында жүргүзүлүүчү иш-чараларга катышуу үчүнкомандировкаларга чыгууга уруксат берилсин.        Премьер-министри                            А.Атамбаев