Редакцияот 07.07.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 7-июлу № 97                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ            2002-жылдын 5-декабрындагы Кыргыз Республикасынын       Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы         Кыргыз Республикасына мурда берилген кредиттер боюнча     Россия Федерациясына карызын жөнгө салуу жөнүндө Макулдашууга           2005-жылдын 5-сентябрында кол коюлган толуктоону                        ратификациялоо тууралу     2006-жылдын 1-июнунда               Кыргыз Республикасынын Жогорку                                        Кењеши тарабынан кабыл алынган      1-статья.      2002-жылдын 5-декабрындагы  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү  мененРоссия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына мурдаберилген  кредиттер  боюнча  Россия  Федерациясына  карызын жөнгө салуужөнүндө Макулдашууга Москва шаарында 2005-жылдын 5-сентябрында кол  ко-юлган толуктоо ратификациялансын.      2-статья.      Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия тарапка Кыр-гыз Республикасынын жогоруда аталган  Макулдашууга  карата  толуктоонункүчүнө  кириши  үчүн  зарыл  мамлекет  ичиндеги жол-жоболорду аткарганыжөнүндө билдирсин.      3-статья.      Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын       Президенти                                 К.Бакиев