Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 15-сентябры № 342-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги мененТажикстан Республикасынын Маданият министрлигинин ортосундагы Маданиятжаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна мүмкүн болуучупринциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эсепке алууменен макулдук берилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев Долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Маданият министрлигинин ортосундагы Маданият жаатындагы кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Маданиятжана маалымат министрлиги менен Тажикистан Республикасынын Маданият ми-нистрлиги, Маданияттарды өз ара байытуу процессин өнүктүрүүнү каалашып, Кыр-гыз Республикасы жана Тажикстан Республикасынын элдеринин ортосундагытарыхый жалпылыкка жана салттуу маданий байланыштарга негизденип, мада-ният жаатында кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө жана чыњдоого өз арааракеттенүүнү билдиришип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты. 1-статья. Тараптар түздөн-түз келишимдердин негизинде Тараптардын мамлекет-теринин аймагында өткөрүлүүчү театралдык жана музыкалык фестивалдаргакатышуу үчүн аларды өткөрүү шарттарына ылайык драма театрларын, музыка-лык жааматтарды жана аткаруучуларды жиберишет. 2-статья. Тараптар маданият күндөрүнө жана жумалыктарына, ошондой эле КыргызРеспубликасы менен Тажикстан Республикасынын элдеринин жашоо-турмушун-дагы белгилүү окуяларга арналган башка маданий иш-чараларга катышууүчүн драмалык жана музыкалык театрлардын, өздүк көркөм чыгармачылык жа-мааттардын жана жеке аткаруучулардын оюн көрсөтүүлөрүн уюштурууга көмөккөрсөтүшөт. 3-статья. Тараптар эл чыгармачылыгы жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүшөт,эки өлкөнүн кесиптик жана өздүк көркөм чыгармачылык жамааттарынын орто-сундагы түздөн-түз байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүшөт. 4-статья. Тараптар музей иштери жана көргөзмө ишмердүүлүктөрү жаатында кыз-матташат, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасы-нын музейлеринин ортосундагы түздөн-түз кызматташтыкты түзүүгө көмөккөрсөтүшөт. 5-статья. Тараптар тарыхий-маданий мурастарды эсепке алуу, коргоо, реставра-циялоо, пайдалануу жана пропагандалоо боюнча маалыматтарды алмашып ту-рушат, реставрация иштерин, илимий семинарларды, симпозиумдарды, жолу-гушууларды, экспедицияларды биргелешип өткөрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүнизилдешет. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын элде-ринин тарыхий-маданий мурастарын үйрөнүүгө, издөөгө жана эсебинжүргүзүүгө көмөк көрсөтүшөт, тарыхий-маданий мурастарды изилдөө иште-ринде өз ара мамилелерин кењейтишет. Тараптар эки өлкөнүн жарандарынынбул өлкөлөрдүн карамагындагы музей, китепкана, архивдеринде чогултулганбаалуулуктарына кире алышы үчүн шарттарды түзүшөт. 6-статья. Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптарөздөрүнүн компетенцияларынын чегинде тиешелүү мамлекеттик органдар ме-нен бирдикте өзүнүн мамлекетинин аймагынан экинчи мамлекеттин аймагынамаданий баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүүнүн жана алып чыгуунун алдыналууга контролдукту жүзөгө ашырышат. 7-статья. Бул Макулдашуунун жоболору Тараптардын мамлекеттеринин улуттукмыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Эгер ар бир конкреттүү учурда башка тартип макулдашылбаса, ушулМакулдашууну аткаруунун жүрүшүндө пайда болуучу чыгымдарды Тараптарөздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган каражаттардынчегинде өз алдынча көтөрүшөт. 8-статья. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда талаш-тар-тыштар жана пикир келишпестиктер келип чыкса Тараптар консультациялардыөткөрүү жана/же болбосо сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечишет. 9-статья. Тараптардын өзара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен та-ризделет жана бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. 10-статья. Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет жана Тарап-тардын биринин дипломатиялык каналдар аркылуу кат жүзүндө экинчи Тарап-ка Макулдашуунун аракетин токтотуу жөнүндө билдирүүсүн алгандан кийиналты айга чейин күчүндө калат. ______________ шаарында 2007-жылдын "____" ________________ экитүп нускада, ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде түзүлдү, бардыктексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө боюнчаталаш-тартыштар келип чыккан учурда, Тараптар орус тилиндеги тексткекайрылышат. Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасынын Маданият жана маалымат Маданият министрлиги үчүн министрлиги үчүн