Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 9-октябры № 380-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын экономикасына чет өлкөлүк инвестициялардытартуу үчүн шарттарды түзүү, инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо,баалуу кагаздар менен операциялар боюнча эсептешүүлөрдү тездетүү жанаишенимдүүлүгүн жогорулатуу, баалуу кагаздар рыногунун заманбап инфраст-руктураларын өнүктүрүү жана аны капиталдардын эл аралык рыногу мененинтеграциялоо максатында: 1. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийин түзүү механизмдеринжана принциптерин иштеп чыгуу боюнча төмөнкүдөй курамда ведомстволораралык жумушчу топ түзүлсүн: - Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгөсалуу кызматынын төрагасы, жумушчу топтун жетекчиси; - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-ри; - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-кеттик комитетинин төрагасы; - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы; - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик карызжана активдер башкармалыгынын начальниги; - "Биржалык соода системасы" жабык акционердик коомунун директор-лор кењешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); - "Кыргыз фондулук биржа" жабык акционердик коомунун президенти(макулдашуу боюнча); - "Central Asia stock exchange" жабык акционердик коомунун прези-денти (макулдашуу боюнча); - "Борбордук депозитарийлер" жабык акционердик коомунун президенти(макулдашуу боюнча). 2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Баалуу кагаздардын борбордук де-позитарийин түзүү механизмдеринин жана принциптеринин долбоорун иштепчыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кир-гизсин. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев