Редакцияот 03.12.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 3-декабры № 513-б                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ      Кыргыз Республикасынын  Талас, Нарын жана Ысыккөл облустарынын жа-кыр үй-бүлөлөрүнө ун жеткирүүнү камсыз кылуу максатында:     1. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу  Мамлекеттик  сатыпалуулар жана  материалдык  резервдер боюнча мамлекеттик агенттик КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн  2007-жылдын  14-майындагы  № 124-б буйругунаылайык колдонулбаган  ундун  калдыгын  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2007-жылдын 9-октябрындагы № 379-б буйругуна ылайык сатуу үчүн төмөнкү-лөрдүн райондук борборлоруна чейин - Талас облусунун - 395 тонна, Нарыноблусунун -  1530 тонна жана Ысыккөл облусунун - 1010 тонна унду жетки-рүүнү камсыз кылсын.     2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-сат жана  атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик ушул буй-рукка ылайык сатылуучу унга бааны көрсөтүлгөн облустардын райондук бор-борлоруна чейинки  транспорт  чыгымдарынын жана мүшөктөрдүн баасын эскеалуу менен өздүк наркынын дењгээлинде үч күндүк мөөнөттө белгилесин.     3. Талас,  Нарын жана Ысыккөл облустарынын мамлекеттик администра-циялары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы са-ясат жана  атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик белгиле-ген баа  боюнча  унду  өз убагында кабыл алууну жана жакыр үй-бүлөлөргөсатууну белгиленген тартипте камсыз кылсын.     4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын  экономика,  соода,  туризм  жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн.       Премьер-министринин     милдетин аткарып жаткан биринчи     вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу        И.Айдаралиев