Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2009-жылдын 12-июнундагы № 370 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 8-сентябры № 452-б

     Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-январындагы № 1 "Мамлекеттик администрациялык имараттарды пайдалануу жөнүндө" Жарлыгына ылайык, мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу максатында:

     1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча  мамлекеттик комитети белгиленген тартипте:

     - Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 249 дареги боюнча жайгашкан администрациялык  имараттагы  жалпы  аянты  529,2 кв.м болгон мамлекеттик менчиктеги жайды Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш  башкармасынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин;

     - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен бирдикте Кыргызстандын чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык коомдорунун бирлигине көрсөтүлгөн имаратта алар ээлеген жайларды  коммуналдык  кызматтарга  акы төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында бекитип берсин.

     2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

     - Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  1998-жылдын  31-мартындагы  № 144-б буйругу;

     - Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  1999-жылдын  14-майындагы  № 194-б буйругу;

     - Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  1999-жылдын  16-июнундагы  № 253-б буйругу;

     - Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2001-жылдын  29-майындагы  № 187-б буйругу.

     3. Бул буйруктун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

 

 И.Чудинов