Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 26-майы УӨ № 7-т
Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн жана адис-эксперттеринин референдумдун катышуучулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө Конституциялык кеңешменин чечиминен улам, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү кеңештердин, ошондой эле референдумга катышуучу-жарандардын республиканын аймактарында алдыда турган конституциялык реформанын максаттарына жана милдеттерине байланыштуу маалыматтардын жетишсиздиги жөнүндө көп сандаган кайрылууларын эске алуу менен:
1. Төмөнкү курамдагы жана иш багыттары боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлсүн:
Нарымбаев Д.И. (Конституциялык кеңешменин Катчылыгынын жетекчиси) - жумушчу топко жалпы жетекчилик, референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штаб менен байланыш;
Базарбаев К.Б. - шайлоо комиссиялары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен өз ара аракеттерди ишке ашыруу жана координациялоо;
Сооронкулова К.С. (Конституциялык кеңешменин Төрагасынын орун басары) - Конституциялык кеңешме мүчөлөрүнүн конституциялык реформаны укма жана көрмө жалпыга маалымдоо каражаттарында конституциялык реформаны чагылдырууга катышуу маселелерин координациялоо;
Дыйканбаев К.С. (Конституциялык кеңешменин мүчөсү) - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланыштарды координациялоо;
Алымбаев Н.С. (Конституциялык кеңешменин мүчөсү) - эксперттик түзүмдөр, жалпыга маалымдоонун басма сөз каражаттары менен өз ара аракеттерди координациялоо.
2. Конституциялык кеңешменин топторунун координаторлорунан (Кабак Д.И., Алымбеков Э.Ж., Дыйканбаев К.С.) эксперттик жумушчу топко маселелерди түзүү жана андан кийин Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жер-жерлерге жиберүүгө көмөк көрсөтүү суралсын.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери эксперттик жумушчу топко калкка алдыда турган конституциялык реформанын максаттарын жана милдеттерин түшүндүрүү боюнча бардык жардамдарды көрсөтсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын Орун басары |
О.Текебаев |