Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-ноябры № 269
Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын катын кароо жөнүндө
Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын 2009-жылдын 11-ноябрындагы № 101 катын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Ж.Бешимовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын 2009-жылдын 10-ноябрындагы жыйналышынын токтомун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 240-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 240-беренесинде каралган процедураны иш жүзүнө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жагы Кыргызстандын социал-демократтар партиясына сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрагасы | Д.Лисовский |