Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-майы № 26
Жалал-Абад облусунун аймактык (райондук, шаардык) референдум комиссияларынын төрагаларын жана катчыларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдумдун (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, ошондой эле райондук (шаардык) референдум комиссияларынын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгү райондук (шаардык) референдум комиссияларынын төрагалары жана катчылары бекитилсин:
Суеркулов Келсинбек Тажимырзаевич- шаардык комиссиянын төрагасы;
Сатыбеков Бактыбек Бекенович- шаардык комиссиянын катчысы.
Атабеков Токтобек Жумабекович- райондук комиссиянын төрагасы;
Инамжанова Гулнара Гуламжановна- райондук комиссиянын катчысы.
Шеримбетов Эдуард Анатолиевич- райондук комиссиянын төрагасы;
Мойдунова Салидат Тотуевна- райондук комиссиянын катчысы.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |