Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-майы № 34
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук референдум комиссиясынын төрагасын жана катчысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдумдун (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, ошондой эле райондук (шаардык) референдум комиссияларынын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл райондук референдум комиссиясынын төрагасы жана катчысы бекитилсин:
Токтобаева Роза Токтомамбетовна- шаардык комиссиянын төрагасы;
Жасолова Гүлнара Ажымкановна- шаардык комиссиянын катчысы.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |