Редакцияот 31.07.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2006-жылдын 31-июлу № 140                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ                "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын                  Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу      2006-жылдын 19-июнунда              Кыргыз Республикасынын Жогорку                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган      1-статья.      "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Респуб-ликасынын  Жогорку  Кењешинин   Жарчысы,   1999-ж.,   №   4,   195-ст.)төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:     16-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 16-1-статья менен толукталсын:     "16-1-статья. Сатылып жаткан товарлардын (сатык) баасын төмөндөтүү                   жөнүндө жарнама      Сатылып жаткан товарлардын (сатык) баасынын төмөндөшү жөнүндө жар-нама  сатылуучу  жер  жөнүндөгү маалыматты,  сатуунун башталышынын жанааякташынын даталарын,  ошондой эле товарларды сатуунун мурдагы баасынанканчалык өлчөмдө азайышынын пайыздык катнашы тууралу маалыматты камтышыкерек.".      2-статья.      Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын      Президенти                                            К.Бакиев