Редакцияот 25.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 25-июну № 117

2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Референдумуна Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоодон кайра чакыртып алуу жөнүндө

ЕККУ/ДИАУБдан эл аралык байкоочуларды аккредитациялоодон кайра чыгартып алуу жөнүңдө түшкөн арызга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1 ЕККУ/ДИАУБдан эл аралык байкоочулар аккредитациялоодон кайра чыгартылып алынсын:

-Гортат Радзислава Иршила - Варшава университетинин кызматкери;

2 Эл аралык байкоочунун № 113 күбөлүгү жараксыз деп эсептелсин.

3 Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн

4 Бул токтом ЖМКларга жарыялансын.

5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Э.Б. Ирискулбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев