Редакцияот 09.08.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 9-августу № 141

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексин "Учкун" ААКнын басмаканасында даярдоо жөнүндө

Шайлоо процессинин катышуучуларын «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодекси менен камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10- беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодекси мамлекеттик жана расмий тилдерде 5000 (беш) миң нускада "Учкун" ААКнын басмаканасында даярдалсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо >жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.М. Мамараимовго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев