Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Борборшайлоокомунун

2015-жылдын 28-июлундагы № 96 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ  ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 24-августу № 176

Көзөмөлдөө-текшерүү тобу жөнүндө

2010-жылдын 10-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу чыгымдалышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 52-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-, 10-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында Көзөмөлдөө текшерүү топ жөнүндө" Жобо бекитилсин.

2. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Абдыкалыкова бекитилсин.

3. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасынын кароосуна көзөмөлдөө текшерүү тобунун сапаттык курамы боюнча сунуштарды киргизсин.

4. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун мүчөлөрүнүн эмгегине акы төлөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.

5. 2008-жылдын 7-августундагы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын № 38 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Абдыкалыковага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев