Редакцияот 01.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ  ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 1-сентябры № 184

Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө

Шайлоо жөнүндө Кодекстин 2-беренесинин 2-пунктуна, 21-беренесинин 5-пунктуна ылайык, чет мамлекеттердин аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча чет мамлекеттердин аймагында шайлоо участкалары түзүлсүн (№ 1 тиркеме).

2. Түзүлгөн шайлоо участкалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШК мүчөсү М.А.Корсунскийге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев