Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 4-сентябры № 198
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысы – Нарын шаарынын мэрин шайлоо боюнча комиссияны түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 27-августундагы № 75-Б буйругуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы № 153 "Облустук баш ийүүдөгү шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын - облустук баш ийүүдөгү шаарлардын мэрлерин шайлоо жөнүндө Жобонун" 6-пунктуна ылайык, 2010-жылдын 10-сентябрында Нарын облусунун Нарын шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысы - мэрин шайлоону уюштуруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысы - Нарын шаарынын мэрин шайлоо боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы:
Баялинов А.Ж. - Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Аскаров А.К. - Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы;
Жапаралиева А. - Нарын облустук шайлоо комиссиясынын катчысы.
Төрага | А.Сариев |