Редакцияот 15.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 15-сентябры № 251

Саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

"Кыргызстан социал-демократиялык партиясы", "Жашасын Кыргызстан" саясий партияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн алмаштыруу жөнүндө жазуу жөнүндө билдируү бергендигине байланыштуу, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 26-беренесинин 3-,6-7-пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 1-,3-,22-пунктчаларына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ

 1. Төмөнкү саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ымукуктары токтотулсун:

"Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы:

- Акматов Азамат Жусупбекович - шайлоо боюнча;

"Жашасын Кыргызстан" саясий партиясы:

-Осмоналиев Муса Жунушбекович - финансы маселелери боюнча;

2. 2010-жылдын 15-августундагы №089, 2010-жылдын 12- августундагы $028 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.

3.Төмөнкүлөр саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:

"Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы:

-Скрипкина Галина Анатольевна -шайлоо боюнча;

"Жашасын Кыргызстан" саясий партиясы:

-Исаева Жаннат Сапаркуловна-финансы маселелери боюнча.

4.Саясий партиялардын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө каттоо кубөлүктөрү берилсин.

5 Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

 

Төраганын милдетин аткаруучу

Ж.Акматов