Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2006-жылдын 16-августу № 169

 

Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде зайым алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү зайымдарын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө

 

(КР 2011-жылдын 7-июлундагы № 80, 2022-жылдын 7-декабрындагы № 116 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

1-статья.

Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен узак мөөнөттүү жеңилдетилген зайымдарды (мындан ары - зайым) алган адамдарга зайымды кайтарып берүүдө жеңилдиктер берилет.

(КР 2022-жылдын 7-декабрындагы № 116 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-статья.

Зайым алуучу зайымды кайтарып бергенде зайымдын көлөмү 1,25ке барабар коэффициент өлчөмүнө пропорциялуу төмөндөтүлөт. Компенсациянын өлчөмү ушул Мыйзамдын тиркемесиндеги усулга ылайык эсептелинет.

(КР 2022-жылдын 7-декабрындагы № 116 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-статья.

Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд менен зайым алуучунун ортосундагы 2002-жылдан тартып жана андан кийин пайда болгон мамилелерге жайылтылат.

(КР 2022-жылдын 7-декабрындагы № 116 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-статья.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

(КР 2022-жылдын 7-декабрындагы № 116 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-статья.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2006-жылдын 15-сентябрында № 68  жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

К.Бакиев

 

 

 

2006-жылдын 30-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

 

 

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде зайым алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү зайымдарын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

 

Тиркеме

 

(КР 2022-жылдын 7-декабрындагы № 116 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Акча каражаттарын республикалык бюджеттин эсебинен компенсациялоону эсептөөнүн усулу:

С1 - бийик тоолуу аймактын жашоочусуна берилген узак мөөнөттүү жеңилдетилген зайымдын көлөмү;

РК - бийик тоолуулук үчүн айлык акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча коэффициенттин орточо өлчөмү (коэффициенттин өлчөмү 1,25 =);

С2 - ушул Мыйзамдын ченемдерине ылайык зайым алуучу бардык жылдар үчүн кайтарып берүүчү зайымдык акча каражаттарынын коэффициенти чыгарылып салынган көлөмү;

СЗ - республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жоюлуучу зайымдын жалпы көлөмү;

С4 - республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бир жылга компенсациялануучу зайымдын көлөмү.

 

С2 = С1/РК

СЗ = С1-С2

С4 = СЗ/12