Редакцияот 17.08.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 17-августу № 154

Шайлоо бюллетендин, шаардын мэрин шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдун формапарын бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-бересинин 1-бөлүгүнүн 2,15-пункттарына, "Шаардын мэрии шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Шаардын мэрин шайлоо боюнча шайлоо бюллетендин таризи бекитилсин (№ 1 тиркеме).

2.Шаардын мэрин шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдун таризи бекитилсин (№ 2 тиркеме).

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Ушул токтомдук аткарылышын контролдоо Кыргыз Реслубликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов