Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                            Кыргыз Республикасынын

                2011-жылдын 11-мартындагы № 5 Мыйзамына ылайык

                                 КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

Бишкек шаары

2006-жылдын 24-ноябры № 187

 

                    Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

 

              Товарларды контролдук (латенттик) маркалар

                      менен маркировкалоо жөнүндө

 

                        (Кыргыз Республикасынын

              2009-жылдын 26-январындагы № 33 Мыйзамынын

                         редакциясына ылайык)

 

        2006-жылдын 5-октябрында            Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                            Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-статья.

 

     Контрафактылык товарлардын  эсебин  алууну өркүндөтүү, ошондой эле

контрабандалык алп  келүүнү жана жүгүртүүнү болтурбоо максатында товар-

ларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо киргизилсин.

 

     2-статья.

 

     Товарларды контролдук  (латенттик)  маркалар  менен  маркировкалоо

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү тарабынан бекитилген тизме боюнча Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин тармактык комитетинин макулдугу боюн-

ча жүзөгө ашырылат.

     (КР 2009-жылдын 26-январындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылай-

ык)

 

     3-статья.

 

     Товарларды контролдук  (латенттик)  маркалар менен маркировкалоону

колдонууга берүүнү,  эсепке  алууну жана контролдоону төмөнкүлөр жүзөгө

ашырат:

     - Кыргыз  Республикасынын  бажылык  аймагына алып келинген тизмеде

көрсөтүлгөн товарлар боюнча, - бажы иштери боюнча мамлекеттик орган;

     - Кыргыз  Республикасынын аймагында өндүрүлгөн тизмеде көрсөтүлгөн

товарлар боюнча, - салык кызматынын мамлекеттик органы.

     Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы товарларда контролдук (ла-

тенттик) маркаларынын болушуна контролдукту ыйгарым укуктуу контролдоо-

чу органдар жүзөгө ашырышат.

     (КР 2009-жылдын 26-январындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылай-

ык)

 

     4-статья.

 

     Контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо товарларды өн-

дүрүүчүлөр жана импорттоочулар тарабынан жүзөгө ашырылат.

     Товарларды сактоо,  жасоо,  сатып өткөрүү, эсепке алуу, контролдоо

тартиби, ошондой  эле аларды контролдук (латенттик) маркалар менен мар-

кировкалоонун жол-жобосу,  шарттары жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү тарабынан аныкталат.

     (КР 2009-жылдын 26-январындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылай-

ык)

 

     5-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  өзүнүн  ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга  ылайык  келтирүүнү  камсыз кылсын жана аны жүзөгө ашыруу

боюнча чараларды көрсүн.

 

     6-статья.

 

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчү-

нө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев