Редакцияот 05.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 5-сентябры № 226

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорун дайындоонун чыгымдар сметасын бекитүү жөнүндө

2011 жылдын 9-августундагы № 188 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл. Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Презилентинин Жарлыгына ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,11,12 пункттарын, 25-беренесинин 2.3,6.7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 2011-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад. Нарын. Ысык-Көл. Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоого жана өткөрүүгө суммасы 4 120 800 (төрт миллион жүз жыйырма сегиз жүз) сомду түзгөн алдын ала чыгымдар сметасы (тиркелет) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын финансылык жана материалдык-техникалык бөлүмү бекитилген сметага ылайык финансы иштерин жүргүзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын өзүмдүн көзөмөлүмө калтырам

 

Төрага

Т.Абдраимов