Загрузка документа…
| КР Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 6-октябрындагы № 01-13/199 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 4 буйругуна тиркеме Электр энергиясынын өздүк наркын аныктоо жана тарифтерди түзүү МЕТОДИКАСЫ (КРӨ Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин 2021-жылдын 26-январындагы № 2, КР Энергетика министрлигинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 01-13/176, КР Энергетика Министрлигинин 2022-жылдын 2-декабрындагы № 01-13/204 буйруктарынын редакциясына ылайык) 1. Жалпы жоболор 1. Ушул Электр энергиясынын өздүк наркын аныктоо жана тарифтерди түзүү методикасы (мындан ары - Методика) электр энергиясын 1 млрд. кВтс көлөмдөн көп иштеп чыгаруучу (энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын өндүрүүчүлөрдөн башкасы), берүүчү жана бөлүштүрүүчү, продукциясына (жумуштарына, кызматтарына) тарифтерди (бааларды) жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жүзөгө ашырылган электр, электр энергетикалык ишканаларга (мындан ары - электр электр энергетикалык ишканалар) колдонулат. (КРӨ Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин 2021-жылдын 26-январындагы № 2 буйругунун редакциясына ылайык) 2. Методиканын максаттары жана милдеттери 2. Методиканын негизги максаты электр энергиясынын өздүк наркын түзүүнүн жана тарифтерди белгилөөнүн принциптерин аныктоо болуп эсептелет. 3. Методика төмөнкү милдеттерди аткарат: - керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында иштеп чыгаруучу, берүүчү жана бөлүштүрүүчү электр энергетикалык ишканалардын өндүрүштүк чыгымдарын техникалык негизделишин камсыздоо; - электр энергиясын иштеп чыгаруу, берүү жана бөлүштүрүү процессинде технологиялык өндүрүш процессинин стадиялары боюнча продукциянын чыныгы экономикалык наркын чагылдыруу; - электр энергиясына (продукциянын, жумуштардын жана кызматтардын башка түрлөрүнө) тарифти аныктоо үчүн электр энергетикалык ишканаларда энергияны иштеп чыгаруунун, берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн пландалган, эсепке алынган жана калькуляцияланган чыгымдарын негиздөө; - электр энергетикалык ишканаларда электр энергиясынын (продукциянын, жумуштардын жана кызматтардын башка түрлөрүнүн) өздүк наркын аныктоо боюнча жалпы принциптерди жана эрежелерди көрсөтүү. 3. Методикага сереп 4. Ушул Методика отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ОЭКти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган) тарабынан Кыргыз Республикасынын "Электр энергетикасы жөнүндө" Мыйзамынын 21-беренесине ылайык электр энергиясына тарифтерди түзүүнүн тартибин аныктайт. |