Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 14-августу № 696 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ
2017-жылдын 11-майы № 1
“КРАЭ-9. Формалдуулукту жөнөкөйлөтүү” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Жарандык авиациясынын эл аралык уюмунун (ИКАО) сунуш кылынган практикасы жана Стандарттары менен максималдуу бирдиктүүлүктү камсыздоо максатында жана эл аралык жарандык авиация жөнүндө Конвенциянын 9-Тиркемесине 25 оңдоолорду киргизгендигине байланыштуу 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруучу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өкүлдөө жөнүндө” токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. “КРАЭ-9. Формалдуулукту жөнөкөйлөтүү” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө” 27 январь, 2016-жылдагы №1 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- “Аныктамалар жана жалпы жоболор” 1-главасынын “Терминдерди аныктоо” бөлүгүндө “Талап кылынбаган багаж” деген аныктамадан кийин төмөндөгү мазмундагы 40-абзац менен толукталсын:
“Сактыктын зарыл чаралары. Учуу пунктунда аба кемелеринин эксплуатанттарынын же компаниянын тиешелүү үлгүдө даярдалган кызматкерлери аба кемелеринин эксплуатанттарынын атынан, ар бир жүргүнчүнүн учуу документи бар экендигин, жана ал кайсы жерде колдонулаарын, кабыл алып жаткан мамлекетке кирүүгө зарыл болгон визаларын же жашоого уруксатты текшерүүсү. Бул текшерүү туура эместиктерди табууга багытталган (мисалы, документтерди атайын өзгөртүп коюу).”;
“Эскертүү” деген аныктамадан кийин төмөндөгү мазмундагы 56-абзац менен толукталсын:
“Бир терезе режими. Соода жана транспорттук операцияларга катышкан тараптарга стандартташтырылган маалыматты жана документтерди импорт, экспорт жана транзитке байланышкан бардык ченемдик талаптарды аткаруу үчүн кирүү/алып киргизүүнүн бир пунктунда көрсөтүү каражаты. Электрондук маалымат берүү учурунда маалыматтардын айрым элементтерин бир жолу гана көрсөтүү керек.”;
- “Жүргүнчүлөрдүн жана алардын багажынын келүү кетүү убактысы” 3-главанын “Б. Жүрүү үчүн талап кылынган документтер” бөлүмүнүн 3.5-пункту төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
“3.5. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар адамдардын келүү жана кетүүсүн тариздөөдө ушул главада көрсөтүлгөн документтерден башка эч кандай документ талап кылынбасын камсыздашат”.
- “Жүргүнчүлөрдүн жана алардын багажынын келүү кетүү убактысы” 3-главанын “В.Жүрүү документтерин коргоо” 3-главасы төмөндөгүдөй мазмундагы 3.8.2-пункт менен толукталсын:
“3.8.2. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар конкреттүү бир мамлекет тарабынан берилген учуу документтеринин уурдалган, жоготулган, кайра чакырылганы жөнүндө так маалыматтарды, аларды уурдалган жана жоготулган учуу документтери жөнүндөгү маалымат базасына киргизүү үчүн ИНТЕРПОЛго кечиктирбей жиберишет. (SLTD).”;
- “Жүргүнчүлөрдүн жана алардын багажынын келүү кетүү убактысы” 3-главанын “Г. Жүрүү документтери” 3.12.- пункту төмөндөгү мазмундагы абзац менен толукталсын: